вторник, 10 ноября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясы Эл аралык билим жармаңкесине катышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Эл аралык билим жармаңкеси – 2015ке катышты.
Билим жармаңкеге мекенибиздеги жогорку окуу жайлардан сырткары, чет өлкөнүн: АКШ, Польша, Түркия, Түштүк Кореянын жогорку окуу жайлары катышты.  

Билим жармаңкесинин алкагында КРПМБАдагы Карьера борбору Академиянын иш-аракети жана билим берүү программалары тууралуу комлексттүү маалыматтарды берди. Көргөзмөдө бакалавриат, магистратура жана эл аралык  программалары сунушталды. Андан сырткары, келечектеги абитуриенттер КРПМБАнын Карьера борборунун кызматкерлеринен окуу программалары боюнча жеке кеңеш алышты.
Жармаңке 4-5-ноябрь күндөрү Ош жана Бишкек шаарларында өттү.
Эки күндө КРПМБАнын Карьера борборунун кызматкерлери 600дөн ашык 11-класстын окуучуларына кеңештерин беришти.  

Комментариев нет:

Отправить комментарий