среда, 25 ноября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Бишкек финансы-экономикалык техникумунун студенттери «ЕАЭС өлкөлөрүнүн маданият фестивалына» катышты

2015-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Бишкек финансы-экономикалык институтунун студенттери «Евразиялыктар – жаңы толкун» фонду уюштурган жогорку окуу жайлар арасындагы «ЕАЭС өлкөлөрүнүн маданият фестивалы» долбооруна катышты.

Фестивал И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болуп өттү. Долбоордун шарты боюнча беш жогорку окуу жай ЕАЭСке кирген өлкөлөр тууралуу бет ачаар кылышты. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы – Армениянын, ал эми Бишкек финансы-экономикалык институтунун студенттери – Кыргызстандын тарыхый жана руханий баалуулуктарын, маданиятын  чагылдырып беришти.  
Фестивалды өткөрүүнүн максаты – Кыргызстандагы жаштарга ЕАЭС өлкөлөрүнүн маданиятын таанытуу жана жалпы тарыхый байланыштарын, бирдиктүү руханий баалуулуктарын билүү деңгээлин жогорулатуу болду.
Жыйынтыгында баардык катышуучуларга белектер ыйгарылды.





















Комментариев нет:

Отправить комментарий