понедельник, 16 ноября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун 1-курстарынын студенттерин кабыл алуу салтанаты болуп өттү

2015-жылдын 14-ноябрында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун 1-курстарынын студенттерин кабыл алуу салтанаты болуп өттү.   

Окуу жайга студенттерди кабыл алуу майрамы алардын жашоосундагы эң маанилүү жана унутулгус күн катары эсептелет. Бул салтанатты белгилөө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын өзгөчө салттарынын бири.
Аталган салтанат күнү студенттер бири-бирин жакындан таанып-билгенден сырткары, өздөрүнүн таланттарын дагы көрсөтө алышат. Ошондой эле студенттик өз алдынча башкаруунун мүчөсү болушат.
Салтанаттын жүрүшүндө КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров студенттерге куттуктоо сөзүн арнады.  
«Урматтуу студенттер, ата-энелер жана иш-чаранын меймандары. Бүгүн 1-курстун студенттери үчүн эң маанилүү күн. Биздин академиядагы студенттик жаңы жашоону баштап жатышат. Биздин «Өз өлкөңө пайда келтир» деген урааныбыз жөн гана сөз эмес, бул академиянын философиясы. Биз келечектеги профессионалдарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жана мамлекеттик иштер үчүн даярдайбыз. Өлкөнүн өнүп-өсүшүнө салым кошуу үчүн башкаруучулар жаңы тажрыйба менен иштеп, эффективдүү чакырыктарды жасашы керек. Ошондуктан биз мекенге болгон сүйүүнү, патриоттук сезимди рухубузга сиңирип, жеткиликтүү билим алуу үчүн, жогорку тарбиялуу тартипке жетиш үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Кымбаттуу академиянын биринчи курстары, силердин мамлекеттик кызматкерлердин катарына ийгиликтүү кошулушуңарды жана биздин академияга аттаган алгачкы кадамыңар өлкө үчүн пайдалуу болушун каалайм. Күчтүү адистер, күчтүү өлкө!», - деди А. Насыров.  
Ошондой эле куттуктоо сөздөр мамлекеттик органдардан келген конокторго берилди.
Биринчи жолу КРПМБАнын тарыхында студенттик билеттерди студенттерге мамлекеттик кызматкерлер тапшырышты.
Программанын расмий бөлүгүнөн кийин студенттерге, ата-энелерге жана иш-чаранын меймандарына арналган КРПМБАнын студенттери даярдаган майрамдык концерт тартууланды.  
Студенттерди кабыл алуу салтанатына арналган программанын баардыгы аларды патриоттук сезимге үндөөгө, татыктуу билим алууга стимул жасоо үчүн багышталды.
Филармониянын чоң сахнасына тандалган мыкты номерлер коюлду. Биринчи курстун студенттери профессионалдык деңгээлде «Вальс первокурсников» бийин бийлешти, КРПМБА жөнүндө көркөм ырларды окушту. Ал эми КРПМБАнын 2-курсунун студенти Айгүл Доолотбаева «Con te partiro» ариясын мыкты аткарды. Мындан сырткары, ММБнун 2-курсунун студенттери Аманат Султангазиев Николай Заболоцскийдин «Не давай душе ленится» чыгармасын көркөм окуп берди.   
Программанын жүрүшүндө биринчи курстарды куттуктап, академиянын магистранты Союзбек Надырбеков ыр десте сунду. Ал эми КРПМБАнын студенттери мыкты ырлары жана бийлери менен салтанатты көркө бөлөштү.  
Иш-чараны КРПМБАнын Карьера жана лидерлик борбору уюштурду.

























Комментариев нет:

Отправить комментарий