четверг, 26 ноября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында «Clash of Brains» интеллектуалдык экономикалык оюну уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында 1-2-курстар арасында уюштурулган «Clash of Brains» интеллектуалдык экономикалык оюну болуп өттү.

Оюнга 5 адамдан турган 10 команда катышты. Катышуучуларга Кыргыз Республикасындагы эң алдыңкы ишканалар боюнча 20 суроо берилди. Студенттер экономикалык суроолорго мыкты жооп берип, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.
Оюндун жыйынтыгында байгелүү орундарга төмөнкү командалар ээ болушту:
1-орун «NEW STREAM» командасы, ГФФРсс-1-15 группасы;
2-орун «DREAM TEAM» командасы, ГМУ-1-15 группасы;
3-орун ГМУ-1-14 командасы.
Жеңүүчүлөргө грамоталарды карьера жана лидерлик борборунун директору Э.Д.Турсунова жана магистратура департаментинин жетекчиси А.Ж. Жолонбаева тапшырышты.   
Оюнду КРПМБАнын БУАГУ-1-13 группасынын студенттери Карьера жана лидерлик борборунун колдоосу менен уюштурушту.















Комментариев нет:

Отправить комментарий