среда, 18 ноября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында стол үстүндөгү теннис боюнча студенттер арасында мелдеш өттү

Эл аралык студенттердин күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында стол үстүндөгү теннис боюнча студенттер арасында мелдеш өттү.

Бул мелдеш келечектеги мамлекеттик кызматкерлер үчүн эң маанилүү оюн катары саналат. Алар үчүн аталган мелдеш дени сак жашоого умтулууга жана достук мамилени бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. 
  Стол теннисинде жалпысынан 43 студент ойношту. Мелдештин жыйынтыгынды оюнчулар төмөндөгүдөй орундарды ээлешти.

КРПМБА жаштары:
1-орун – Абылгазы у.Адилет БУАГУ-1-14
2-орун – Эсегулов Канат ГФФР-1-14
3-орун – Калыбаев Бакай ЭПУР-1-15

КРПМБА кыздары:  
1-орун – Эргешова Айзат УГС-1-15
2-орун – Батырбекова Аймээрим БУАГУ-1-13
3-орун – Картаева Алтынай БУАГУ-1-13

Спорттук мелдешти Спорт клубунун лидери Эшалиева Айгерим уюштурду.  












Комментариев нет:

Отправить комментарий