среда, 11 ноября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында КРПМБАнын проректору менен Эл аралык бухгалтерлер федерациясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

2015-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында КРПМБАнын проректору Марина Омурбекова менен Эл аралык бухгалтерлер федерациясынын (IFAC) аткаруучу директору Марта Рассел жолугушту.

Жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасындагы бухгалтерлер жана аудиторлордун кесиптик уюмдарын өнүктүрүү, мамлекеттик мекемелердеги, коомдук секторлордогу бухгалтердик эсепке алуу жана аудитти өстүрүү тууралуу актуалдуу маселелер талкууланды.     
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө КРПМБА менен ЭЭФ жана ЭАБдин  кызматташтык иш багытындагы артыкчылыктар аныкталды. Алар: студенттер жана окутуучулар үчүн окутуу тренингдерин уюштуруу жана өткөрүү, ЭФОС менен иштеш үчүн пикирлер жана методикалык түшүндүрмөлөрдү билим берүү процессинде камсыздоо, «Мамлекеттик мекемелердеги бухгалтердик эсепке алуу», «Мамлекеттик аудит», «Финансылык эсепке алуу» окуу дисциплиналарын окутканга программалык камсызды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо.   






Комментариев нет:

Отправить комментарий