Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштурулган «Блиц-Шериктештик»
билим берүү семинарларынын сериясы болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Шериктештик:
кечээ, бүгүн, эртең» темасындагы тегерек стол, ЭКЖУ «Шериктештигинин» 2015-жылдагы
иш-аракетинин жыйынтыгы, ошондой эле ЭКЖУ «Шериктештигинин» 2016-жылга карата
көрсөтүлгөн долбоорлорунун бет ачаары болду.
КРПМБАнын студенттери КР ЖК
өкүлдөрүнүн, КР Өкмөтүнүн алдындагы дене-тарбия жана спорт, жаштар иштери
боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнүн пленардык отурумуна катышты.
Ошондой эле алар ачык диалог
форматындагы талкууга активдүү катышып, жаштар шериктештигинин иш-аракетин өнүктүрүү
боюнча тренинге күбө болушту.
Комментариев нет:
Отправить комментарий