среда, 4 ноября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенти TAEKWON-DO ITF боюнча Казакстандын ачык чемпионатында биринчи орунду ээледи

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын 2-курсунун студенти Ноорузбек Абдигапаров TAEKWON-DO ITF боюнча Казакстандын ачык чемпионатында биринчи орунду ээледи.

 Ачык чемпионат Казакстан Республикасынын Актобе шаарында 2015-жылдын 31-октябрынан 1-ноябрына чейин болду. Мелдешке Кыргызстандан жана Казакстандан 350дөн ашык спортчу катышты.   
ГМУ-3-14 группасынын 2-курсунун студенти Ноорузбек Абдигапаров 18 жаштан жогорку 58 киллограмм салмак категориясындагы катышуучулар арасында 1-орунду ээледи.    
Жалпы командалар арасында кыргызстандыктар биринчи орунга ээ болуп, 40 алтын, 11 бронзо жана 6 күмүш медалдарын жеңип алышты.






Комментариев нет:

Отправить комментарий