вторник, 17 ноября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында «Leader cup» атылышындагы дебат турнири болуп өттү

2015-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясы менен «Келечек жаштары» коомдук фонду биргелешип уюштурган «Leader cup» дебат турнири болуп өттү.

Турнирге жети жогорку окуу жайдын: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын, Кыргыз-Славян орус университетинин, Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз-Түрк Манас университетинин, Кыргыз улуттук агрардык университетинин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери катышты.  
         Оюндар эртен мененки саат 9.00дө башталып, кечки саат 20.00дө  аяктап жатты. Дебат Британ парламентик форматында мамлекеттик тилде өткөрүлдү.
         Резолюциялары:
         «Leader cup» турниринде ойнолуучу резолюциялар:
         1. БП жеке жашоого мамлекеттин кийлигишүүсү акталган деп эсептейт.
         2. БП КР орто мектептериндеги 1-4-класстын окуучуларына берилүүчү шашке тамагынын кереги жок деп эсептейт.
         3. БП айыкпас оорулуу адамдарга айтпай туруп, сыноодон өтпөгөн          дары-дармектерди дарыгерлер тарабынан колдонулуусу туура деп эсептейт.
         4. БП калындын берилбеши керек деп эсептейт.
         5. БП либерализмге караганда консерватизм жакшыраак деп эсептейт.
         Жыйынтыгы:
         1- орун “Бир пиала чай” командасы. Спикерлер:
                  1. Тилек Эгембердиев, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети.
                            2. Абдымомун Бакытов,  Кыргыз улуттук университети
         2 – орун – “Агарып тандын атканы” командасы. Спикерлер:
                            1. Илгиз Шернияз, КТУ Манас
                            2. Капар Насирдинов, КТУ Манас
         3 – орун – “Туран” командасы. Спикерлер:
                            1. Хан-Ага Токтомуратов, КРПМБА
                            2. Шакена Кадырова,  КРПМБА
         3 – орун – “КНУ” командасы. Спикерлер:
                            1. Эламан Кенешбеков, КУУ
                            2. Бакай Баридинов, КУУ
         Мыкты сот номинациясы – Баястан Ноябидинов, Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти.  




            


Комментариев нет:

Отправить комментарий