четверг, 12 ноября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында Корей өнүктүрүү институтунун (KDI) программасы менен биргелешкен «Билим алмашуу программасы («Knowledge Sharing Program» (KSP) жаңы долбоору башталды

2015-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Корей өнүктүрүү институтунун делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап 2015-жылдагы Корей өнүктүрүү институтунун программасы менен биргелешип ишке ашырган (KDI) «Билим алмашуу программасы» жаңы долбоорунун жыйынтыгын чыгарышты. Ошондой эле «Борбордук өкмөттүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде адам ресурстарын башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин иш-аракетине баа берүү» жаңы долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.  
КӨИнин программасынын улуу кеңешчиси Ким Ке-Ван мырза КРПМБА менен ишке ашырылган биринчи долбоор ийгиликтүү болгонун белгилеп, КРПМБА менен болгон кызматташтык сферасын кеңейтүү керектигин айтты.    
КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров «Электрондук өкмөт  программасын» колдонууда Корей Республикасынын тажрыйбасы көп экенин айтып, алар менен маалымат алмашуу маанилүү экенин баса белгиледи.  
Кошумча маалымат: 2015-жылы КРПМБА Экономика министрлиги менен биргеликте «Кыргыз Республикасындагы көмүскө экономиканы талдоо жана аны легалдаштыруунун чаралары», Корей өнүктүрүү институтунун «Korea Knowledge Sharing» (KSP) программасы боюнча долбоорду ишке ашырган. 






Комментариев нет:

Отправить комментарий