понедельник, 30 ноября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Конфуций институту кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту

2015-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Конфуций институтунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.  

Жолугушууга Конфуций институтунун кыргыз тарабындагы директору профессор Үмүт Култаева жана кытай тарабындагы директору Ма Лэй баштаган өкүлдөр келишти.
Иш-чараны КРПМБА ректору Алмаз Насыров ачып берип, эки тараптын кызматташтыгы туруктуу уланышын баса белгиледи.  
«Урматтуу коноктор, бүгүн биз жарым жыл мурда чогуу иш жүргүзүп, тыгыз байланышта бололу деген ишибиздин жыйынтыгына чыгып жатабыз. Бүгүн ошол ийгиликке жетишип отурабыз. Бүгүнкү күндөн баштап биргелешип иштеген жолубуз түз жана туруктуу болооруна үмүтүбүз пайда болду», - деди А.Насыров.
Кийинки сөз Конфуций институтунун кытай тарабындагы директору Ма Лэй мырзага берилди.
«Биринчиден, бизди жылуу кабыл алганыңыздарга чоң рахмат. Биз сиздер менен буга чейин да байланышта болуп келгенбиз. Бүгүнкү келишимдин  мазмуну терең, бир гана кытай тилин гана эмес, башка тармактарды дагы өзүнө камтыйт. Эки тараптын кызматташтык меморандумунун бекемделиши менен баарыңыздарды куттуктайм», - деди Ма Лэй мырза.
Ошондой эле Конфуций институтунун кыргыз тарабындагы директору профессор Үмүт Култаева дагы куттуктоо сөздөрүн айтып өттү.  
«Алмаз Турусбековичтин туруктуу деген сөзү өтө маанилүү. Себеби, туруктуулукту кытай эли да абдан жакшы көрөт. Сиздердин бул жолго түшкөнүңүздөр абдан туура, себеби, дүйнө жүзүндө билим берүү системасына инвестиция салуу боюнча кытай биринчи орунда турат. Дүйнөдөгү 125 мамлекетте 600гө жакын Конфуций институту бар. Биз сиздерди колдоого дайым даярбыз», - деди Ү.Култаева.
Иш-чаранын аягында Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Конфуций институту кызматташтык меморандумуна кол коюшту.









Комментариев нет:

Отправить комментарий