воскресенье, 15 февраля 2015 г.

Кыргыз Республикасынын энергетикасынын коопсуздугун камсыздоо үчүн инвестициялык саясат

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын Илимдер департаменти КРПМБАнын профессор-окутуучуларынын составында илимий-практикалык семинар өткөрүштү.  

 
Семинарга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын профессорлору, доценттери, окутуучулары, аспиранттары жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
            Илимий семинар илимий билимди таратуу формасын өзүнө камтыйт жана тажрыйба алмашуу, изилденип жаткан теманын тегерегинде илимий изилдөөнү апробациялоо.
            Семинарды Илимдер департаментинин жетекчиси, профессор Бактыкан Төрөгелдиева алып барды.
            Алгачкылардан болуп Академиянын аспиранты Эльдар Абакиров “Кыргыз Республикасынын энергетикасынын коопсуздугун камсыздоо үчүн инвестициялык саясат” деген темада өзүнүн докладын окуду.    
             “Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстандын энергетика сферасына болгон инвесторлук көрсөткүч жакшы жактарга өзгөрүп жатканы байкалат. Тариф  саясатында энергияга болгон көрсөткүч кВт өстү, бул ушул тармакка инвестицияны тартууда өтө маанилүү.
Сырткы инвестициянын жардамы жана Кытайдын таасиринин күчү менен биздин регионго Кемин-Датка ЭБЛ курулду, Бишкек-Торугарт жолу кеңейтилип оңдолду. Ошондой эле түндүк-түштүк аймактарын байланыштырган альтернативдик курулуш жолу башталды. Инвестициянын көлөмүн түшүнүү үчүн жана ГЭС курууда негизделген алардын эсеп-чотун жана электр энергетикасындагы башка курулуштар тууралуу так билүү керек”.
“Энергетикалык коомсуздук” – комплексттүү түшүнүк, ал бир нече тендемеден турат:
·         Саясый энерго коопсуздугу
·         Экономикалык энерго коопсуздугу
·         Техногендик энерго коопсуздугу

Энергетикалык коопсуздук төнөнкү шарттарды билдирет, керектөөчү өзүнө ишенимдүү энергияны колдоно алат, ал эми коюучу – ага керектөөчү болот. Сөз стабилдүү жана акылдуулук менен коюлган баада болуп жатат.
            Электр энергетика Кыргызстандын экономикалык секторундагы негизги тармак болуп саналат: жалпы электростанциялардын белгиленген кубаты 3640МВт түзөт. Анын ичинен ГЭС 79.9 %ы, жылуулук электрборборуна 19.7 %ы, кичүү ГЭСке 0.4 %ы колдонулат. Мунун негизинде Кыргызстандын 90 % электр энергиясын ГЭС өндүрөт, ал эми калганын 8.8%ын – ТЭЦ, 1.2 %ын – кичүү ГЭС


Комментариев нет:

Отправить комментарий