пятница, 27 февраля 2015 г.

Корей Республикасынын делегациясы менен КРПМБА ортосунда кызматташтык келишимге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында жума күнү 27.02.2015-жылы КРПМБАсы жана Ханьянг университетинин Азия-Тынчокеан илим-изилдөө борборунун ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишимге кол коюу иш-чарасы болуп өттү. 


Кыргыз Республикасына Ханьянг университетинин  (APRC) атынан корей делегациясы, Корей Республикасынын Стратегия жана каржы министрлигинин (MOSF) атындагы Эл аралык экономикалык изилдөө борбору жана Корея өнүгүү институту (KDI) өздөрүнүн иш-сапары менен болушту.
 2015-жылдын 27-февралында Корей делегациясы менен КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров жана Академиянын изилдөө институттарынын жетекчилери ортосундагы кызматташтык келишимдин максаты -  "2014 Knowledge Sharing Program" программасынын алкагында талкууланды.   
Талкуунун жыйынтыгында, "Knowledge Sharing Program" программасы боюнча Ханьянг университетинин Азия-Тынчокеан илим-изилдөө борбору (Asia-Pacific Research Center of Hanyang University) жана Эл аралык экономикалык изилдөө борбору менен КРПМБА кызматташтык келишимине кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясы (APAPKR) жана Корей Республикасынын Стратегия жана каржы министрлигинин (MOSF) атындагы Эл аралык экономикалык изилдөө борбору жана Корея өнүгүү институтунун (KDI) тапшырмасы менен Ханьянг университетинин Азия-Тынчокеан илим-изилдөө борбору ортосунда түзүлгөн келишимдин жыйынтыгы бир жагынан ("2014 Knowledge Sharing Program" (KSP) программасынын негизинде билим алмашуу жана андан ары иш жүзүндө алып кетүү болуп саналат.  
Келишим 27.02.2015-жылдагы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги кол койгон өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумдун негизинде ишке ашырылды.


Комментариев нет:

Отправить комментарий