среда, 25 февраля 2015 г.

Кыргызстан өлкөсүнүн жана шаарларынын маркетинги

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында 26-февраль бейшемби күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, туризм министрлигинин Департаментинин директору Чакиев Максат Жолдошбекович лекция окуйт.  

Лекциянын темасы: «Кыргызстан өлкөсүнүн жана шаарларынын маркетинги».
Лекциянын жүрүшүндө М.Чакиев Чет өлкөлөргө алып чыгып аткан Кыргызстандын символдоруна жумшалган каражаттын мааниси кандай экенин жана төмөнкү мазмунду камтыган суроолорго жооп берет. «Биз кимбиз?» Биз кайда баратабыз? Биз эмнени кыла алабыз, жасайбыз жана каалайбыз?
М.Чакиев лекцияны КРПМБАнын профессор-окутуучуларына жана студенттерине окуйт.
Өлкөдөгү маркетингдин негизги аспектиси -     максаттарды калыпдантыруу, позитивдүү өсүш жана өлкөнүн имиджин алдыга жылдыруу. Эл ичинде өлкөнүн имиджин аныкташ үчүн башкача айтканда, психологиялык деңгээлде белгиленген санды, параметрлерди: символдорду, улуттун өзгөчө менталитетин, маданиятын, тиричиликтеги терс аспектилерин, байланыш тоскоолдуктарын пайдалануу.    
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында 2015-жылдын 26-февралында саат 13:00дөн  15:00гө чейин болот. № 400 аудитория, 1-корпус, 4-кабат.   
                      Лекцияга катышууну каалагандар үчүн кирүү эркин. 

       Чакиев Максат Жолдошбекович
-  1977-жылы 9-майда Талас облусунун Киров айылында төрөлгөн.
-  1999-жылы Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетинин Башкаруу адистигин бүтүргөн. 
- 2008-жылы Регионалдык өнүктүрүү борборунда ООН (UNCRD) JICA. (Нагоя, Япония) туризм жана териториялык маркетинг боюнча квалификациясын жогорулаткан. 
- 1999-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук калкты иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын алдыңкы адиси;
- 2003-2004-жылдары  «Маалымат-консалтинг борборунда», ОФ «Жардам көрсөтүү 21-кылым» тренер-кеңешчи,
- 2004-2006-жылдары «Шоро» компаниясынын жана «Бай Тушум и партнеры» насыя компаниясынын PR-менеджери;
- 2006-2008-жылдары Маркетинг бөлүмүнүн директору, ОАО КК «Столичный» кеңеш директорлугунун мүчөсү: 
- 2008-2010-жылдары Талас облусунун губернатор аппаратында туризм жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча жетекчи;
-  2010-2011-жылдары Бизнес өнүктүрүү боюнча ТОО «Каспий Ойл Системстин»  (Атырау шаары, Казакстан) жана Эл аралык дирекция  ITG International Turk”sGames уюштуруу форумунун директору; 

-  2013-жылдын 17-августунан азыркы убакка чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, туризм министрлигинин Департаментинин директору; 

Комментариев нет:

Отправить комментарий