пятница, 27 февраля 2015 г.

Кыргызстандын Казакстанга болгон сырткы эмгек миграциясынын заманбап абалын жана алардын мамлекеттик, коомдук институттардагы өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салуу

  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында жума күнү 27.02.2015-жылда саат 11:00дөн 12:00гө чейин илимий-практикалык семинар: «Кыргызстандын Казакстанга болгон сырткы эмгек миграциясынын заманбап абалын жана алардын мамлекеттик, коомдук институттардагы өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салуу» деген темада болот.  


Доклады менен 4-жылкы окуунун изилдөөчүсү Н.Нуралиев чыгат.
Илимий жетекчиси: А.Б.Элебаева  
Илимий-практикалык семинарга КР Өкмөтүнүн алдындагы Этника аралык байланыш жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, КР Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү, КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү, КР Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана КРПМБАнын курамындагы профессор-окутуучулар катышат.
Илимий-практикалык семинар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында 2015-жылдын 27-февралында саат 11:00дөн 12:00гө чейин 1-корпустун 4-кабатындагы №402 аудиториясында болот.



Комментариев нет:

Отправить комментарий