понедельник, 9 февраля 2015 г.

Парламенттин жыйынтыктуу жана эффективдүү иши

Пресс-релиз

            Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясында 2015-жылдын 11-февралында Германия Бундестагынын экс-вице-спикери, немец саясатчысы Эдуард Освальддын катышуусунда ачык лекция өтөт. 


      Лекциянын темасы: “Парламенттин жыйынтыктуу жана эффективдүү иши”
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Башчысы Д.И.Нарымбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Башчысы Н.С.Момуналиев катышат.
         Иш-чаранын жүрүшүндө Эдуард Освальд мырзага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ардактуу профессору наамын берилет.  
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясы жана Кыргыз Республикасындагы Ханнс Зайдел фонддун ортосундагы макулдашуу алкагында өткөрүлөт.
        Ачык лекция 11-февраль күнү Академиянын 3-корпусундагы 2-кабаттын № 208 аудиториясында саат 15:00дө башталып, 17:00гө чейин болмокчу. Кирүүнүн каттоосу 14:00дөн 14:30га чейин жүргүзүлөт.

Лекция окуучу тууралуу маалымат:     

           Эдуард Освальд 1947-жылы 6-сентябрда Аугсбургда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
           Соода мектебинен соода кызматкеринин ээси болуп чыккан. Ошондон кийин ал экономика жана өндүрүш боюнча жогорку билим алып, аталган адистик боюнча Аугсбург окуу жайынын дипломун алган.
            Окуусун аяктагандан кийин орто мектепте окутуучу болуп иштеген.
            1966-жылы ХСС (Христиан-Социал Союз) кирген. 1972-жылы Аугсбург райондук кеңешинин эң жаш депутаты болуп шайланган. 1973-жылы 25 жашында Аугсбург районунун ХССнын ардактуу төрагасы болгон.
            Анын ысымы Германия Бундестагынын ХДС/ХСС фракциясында жооптуу катчысында белгилүү болду. Гельмут Кольдеги кезинде ал Жер ресурстарын башкаруу жөнүндөгү курулуш жана шаар курулушу федералдык министри болгон.   Бул убакта ал ошондой эле Берлин Бонн Федералдык Өкмөтүнүн  көчүрүү боюнча жооптуу адамы болгон. Андан кийин ал немец Бундестагынын үч парламенттик комитетин жетектеген: транспорт, курулуш жана турак-жай курулушу комитети, каржы комитети жана экономика жана технологиялар боюнча комитет. Вице-спикердин төрагасынын орун басыры болуп шайланганында немец Бундестаг депутаттары жогорку ишеним көрсөтүшкөн, вице-спикерлик Федералдык парламент тобунун жумушу менен чогуу парламенттин жумушуна кошкон жеке салымын баса белгилешкен.       



  



Комментариев нет:

Отправить комментарий