четверг, 19 февраля 2015 г.

Академиясынын студенттери дебаттык турнир «Жеңүүчүлөр мууну - 2015» так-талаш оюнунда 2-орунду жеңип алышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын студенттери дебаттык турнир «Жеңүүчүлөр мууну - 2015» так-талаш оюнунда 2-орунду жеңип алышты.


Кыргызстандагы бирден бир белгилүү Жогорку окуу жайлар арасында уюштурулуучу дебаттык турнир “Жеңүүчүлөр мууну - 2015” так-талаш оюнун Бишкек Дебат борбору менен Кыргыз-Түрк Манас университети 2015-жылдын 14-15-февралында Кыргыз-Түрк Манас университетинин имаратында өткөрүштү. Дебат карьерасын улантуучуларга бул турнир чоң өбөлгө экени анык.   
Бул турнирге КРПМБАнын Дебаттык клубунун атынан 1-курсунун студенттери активдүү катышты. Биздин студенттер кыргыз жана орус лигаларында тең туташ ойношту. Орус лигасына ондон ашык жогорку окуу жайлардын 48 командасы ат салышты. Алардын арасынан 8 команда биздин Академиянын студенттери. Сегизөөнүн ичинен бир команда жарым чейрек финалга чейин барган. Ал эми кыргыз лигасына алты жогорку окуу жай командаларынан 24 команда катышса, алардын бешөөсү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын командалары болгон.  
Беш команданын ичинен 4тө жарым чейрек финалга чейин жетишкен. Анын арасынан “Сократ” кыргыз лига командасынын балдары, Академиянын 1-курсунун студенттери: Жумамидинов Кубан, Мупареков Элназ татыктуу 2-орунду жеңип алышты.
Жаш дебатёрлорду даярдоодо КРПМБАнын Дебат клубунун координатору, орус лигасынын координатору 2-курстун студенти Абсатаров Мухаммед, 2-курстун студенти Аскаров Баялы, 3-курстун студенти Жусупакунов Актилек, 2-курстун студенти Тилеков Өмүрбек, 2-курстун студенти Калыбеков Адилет, 3-курстун студенти Манова Айчүрөк жана Карьера борборунун директору Эльмира Турсунова кызуу эмгектенишкен.  







Комментариев нет:

Отправить комментарий