среда, 25 февраля 2015 г.

Эффективдүү мамлекеттик кызмат: чакыруулар жана чечим

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында Казак Республикасынын Астанадагы мамлекеттик кызмат сферасынын Регионалдык хабынын төрагасы урматтуу Алихан Байменов «Эффективдүү мамлекеттик кызмат: чакыруулар жана чечим» деген темада конок лекциясын окуду.


КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров лекцияны ачып берүү сөзүндө КРПМБАнын мамлекеттик кызмат сферасынын Регионалдык хабы менен болгон кызматташуусу өтө маанилүү экенин айтып өттү.   
«Лекциянын темасы жеке эле Кыргызстан үчүн эмес, баардык региондор боюнча актуалдуу. Анткени, мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттер бирдей көйгөйлөргө жана чакырыктарга туш келген», - деди А.Насыров.
Өз жагынан лектор Казак Республикасынын мамлекеттик кызматынын турушунун тажрыйбасы жөнүндө айтып берди. Өткөөл убактын күчтүү, алсыз жактарын белгиледи жана чет өлкөдөгү мамлекеттердин тажрыйбасы менен мамлекеттик кызматтарды реформалоосун айтып өттү.
Байменов ошондой эле административдик саясый мамлекеттик кызматкерлердин бөлүнүшүнүн баалуулуктарын белгилеп кетти. Ушуну менен саясый кызматкерлердин саны мамлекеттик аппаратта көбүрөөк кыскарышын жана жаңы министрлер келиши менен аппараттын кызматкерлери 50 пайыз кыскарышын бекемдеш керектигин айтты. Саясатчылардын таасири азыраак болуш үчүн мамлекеттик аппарат жабык болуш керек.
«Бул багыт мамлекеттик кызматка даярдалган чечимдерге жана кадр тандоодо саясатчылардын таасирин азайтуу, профессионалдуулук үчүн маанилүү. Демократия түзүлгөн мамлекеттерде учуру менен шайлоолор жүргүзүлөт. Парламенттик көпчүлүк өзгөрүлөт, өкмөт, бийлик башындагылар алмашылат, өнүккөн мамлекеттер мамлекеттик кызматтын кадр курамына таасир тийгизбеш керек деген тыянакка 150 жыл мурун эле келишкен. Анткени, мамлекеттик кызматкерлер үлгүсүндө саясый нейтралдуулук болуш керек. Алар мамлекеттин кызыкчылыгын көп убакытка жетектөөлөрү тийиш», - деп түшүндүрөт А.Байменов.     
Байменовдун мындан башка сөзүндө коррупция мамлекеттик кызматка көйгөй жаратаарын айтат.
«Коррупция менен күрөшүүдө аша чапкандык эле эмес, профилактика жана коомчулуктун сын-пикири керек. Өнүккөн өлкөлөр муну мурда эле түшүнгөн. Ошондуктан бир катар өлкөлөр “Этика боюнча комиссарларды” алпарышкан, бул кызмат көптөгөн элдерде “жеке кеңешчи” деп айтылган. Бул корпоротивдик этика, дисциплинардык көзөмөл, антикоррупциялык жүрүш-туруш боюнча атайын курстан өткөн мамлекеттик органдын конкреттүү кызматчысы», - деп белгиледи А.Байменов.
Анын айтымында жемкорлукка каршы арзан билим берүү, профилактика жана алдын-ала эскертип кыдырып чыгуу.
«Биз өз учурунда 90-жылдардын аягында мамлекеттик кызматтын позициалдуу моделин кабыл алганбыз. Качан адам конкурстан өткөндө, жогорку кызматка өтө алат. Сөзсүз түрдө эле бөлүм башчысы же департаменттин директору болуу эмес. Бул баамдоо тандоосу. Анткени, мамлекеттик кызмат ичинде аталган карьералык моделди жайылтуу ишти алдыга жылдырат, муну менен биз кадрлар дайыма конкурс аркылуу тандалаарына ишенимдүү болушубуз керек», - деди А.Байменов.  
Ошондой эле ал өзүнүн сөзүндө буларды кошумчалады.  
«Регионалдык хабдын алкагында Казакстандын Башкаруу Академиясы менеджмент долбоорунун тегерегинде алдыңкы эксперттерди чакырууну чечти. Сиздердин Академиянын да адистери, мугалимдери алардын иши менен таанышууга чоң мүмкүнчүлүк алат деп ишенем. Балким, алардын арасынан айрымдары өлкөнүн регионундагы окутуучуларга мастер класстарды өтүп калат», - деп билдирди А.Байменов.
Лекциянын аягында Регионалдык хабдын жетекчиси Алихан Байменов КРПМБАнын ректору Алмаз Насыровду кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюуга Астанага чакырды. 





Комментариев нет:

Отправить комментарий