суббота, 21 февраля 2015 г.

КРПМБАда математикалык олимпиада өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында бүгүн 21.02.2015. «Математика» дисциплинасы боюнча КРПМБА багыты жана профилинде 1-курстар арасында жогорку окуу жай предмети Олимпиадасы болуп өттү. 


           
Олимпиадага Академиянын 64 студенти катышты.  
            Олимпиаданын негизги аткарган милдети математикалык билимге тартуу жана кеңейтүү, студенттердин чыгармачылык жөндөмүн өстүрүү жана бул так илимге болгон кызыгуусун арттыруу.
            Студенттик Олимпиаданын максаты – окуу процессинде алынган студенттердин математикалык фундаментинин деңгээлин көтөрүү, билимин өстүрүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн практикалык билим менен алмаштыруу, ошондой эле студенттердин тандап алган кесибине кызыктыруу жана изилдөөчүлүк, административдик кызматтардын кадр потенциалын калыптандыруу. 
             Олимпиаданын ачылышында Илимдер департаментинин жетекчиси, профессор Бактыкан Төрөгелдиева студенттердин олимпиадага жана жарыштарга катышып жаткандыгы өтө маңыздуу экенин баса белгиледи. 
            Олимпиада 2 турда өтөт:
            Биринчи тур – тандоо. Биринчи турдун өтүү формасы – Олимпиаданы уюштурган комитет бекиткен маселени чечүү. Калыстар иштерди текшергенден кийин балл коет жана 70 пайыздан кем эмес балл алган катышуучулардын баллына жараша финалдык турга тизмелерди бекитет. Олимпиаданын тапшырмаларын окутуучулар, дисциплинанын жетекчилери түзөт.      
            Экинчи тур – финал туру, 2015-жылдын апрелинде болот. Экинчи тур биринчи турда тандалган жогорку балл алган жеңүүчүлөрдүн арасында өтүүгө багытталган. 
            2-турда студенттер теориялык материалды жогорку деңгээлде билүүлөрү керек жана стандарттык эмес маселелерди чечип берүү, чечимдин математикалык ырааттуулугун көрсөтүү.  
           Бул дисциплина үч номинациядан турат: биринчи, экинчи жана үчүнчү. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү дипломдор менен сыйланат.





Комментариев нет:

Отправить комментарий