пятница, 27 февраля 2015 г.

Кыргызстан өлкөсүнүн жана шаарларынын маркетинги

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында бейшемби күнү 26.02.2015-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, туризм департаментинин директору Чакиев Максат Жолдошбекович ачык лекция окуду.


Лекциянын темасы: «Кыргызстан өлкөсүнүн жана шаарларынын маркетинги».
Ал студенттерге  бренд деген эмне, аймактардын брендинин методдору жана  аймактардагы бренд кандай иштөөсү керектигин айтып берди.  
«Азыркы учурда чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасы жөнүндө атактуулук анча эмес. Дүйнө жүзү боюнча Кыргыз Республикасын дароо билгендей биздин мамлекеттин бренди жок. Ошондуктан биз бул маселеге кызуу киришип, өзгөчө  аймактардын брендинин үстүндө иштеп жаткан кезибиз», - дейт М.Чакиев.
Ошондой эле М.Чакиев маркетинг баардык өлкөлөрдө жакшы багытта колдоого алынганын, же болбосо анын имиджин дүйнөлүк аренага чыгарууну, престиждүү эл аралык организацияларды жана башка өлкөлөрдү тартуу керектигин айттып өттү. Азыркы учурда Кыргыз Республикасы позитивдүү жана күчтүү жактарын көрсөткөнгө образдарды түзүп анан аларды колдонууга муктаж.
«Өлкөнүн маркетингинин негизги аспектиси – максаттуу багытын түзүү,  позитивдүү өсүш жана өлкөнүн имиджин алдыга жылдыруу. Эл ичинде өлкөнүн имиджин аныкташ үчүн башкача айтканда, психологиялык деңгээлде белгиленген санды, параметрлерди: символдорду, улуттун өзгөчө менталитетин, маданиятын, тиричиликтеги терс аспектилерин, байланыш тоскоолдуктарын пайдалануу маанилүү», - дейт М.Чакиев.   


Комментариев нет:

Отправить комментарий