воскресенье, 15 февраля 2015 г.

Кыргызстандагы экономикалык укук менен боштондуктарын камсыз кылуу боюнча конституциялык негиздер

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын Илимдер департаменти КРПМБАнын профессор-окутуучуларынын составында илимий-практикалык семинар өткөрүштү. 


Семинарга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын профессорлору, доценттери, окутуучулары, аспиранттары жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
            Илимий семинар илимий билимди таратуу формасын өзүнө камтыйт жана тажрыйба алмашуу, изилденип жаткан теманын тегерегинде илимий изилдөөнү апробациялоо.
            Семинарды Илимдер департаментинин жетекчиси, профессор Бактыкан Төрөгелдиева алып барды.
Докладды Академиянын аспиранты Жамилия Маматсаева “Кыргызстандагы экономикалык укук менен боштондуктарын камсыз кылуу боюнча конституциялык негиздер” деген темада өзүнүн докладын окуду.  
Бул изилдөөнүн муктаждыгы улуттук конституционализминин өсүшү жана бул жагдайда чектеш илимдердин жаңы жабдыктарын колдонуу керектиги негиз болду.
            Изилдөөнүн максаты – конституциялык нормалардын экономика өсүшүнө тийгизген таасири.
            Изилдөөнүн обьекти Кыргыз Республикасындагы экономикалык багытты түптөгөн конституциялык мыйзамдуулугунун юридикалык нормалары. Изилдөөнүн максаттарына карата конституциялык укук илими жетиштүү багыт катары коомдогу конституциянын орду каралган.
            Изилдөөчү Ж.Маматсаева конституцияны экономикалык анализдөө керектигин жана бул илимий өзгөчө багыт болушун баса белгиледи.
            Маселенин маанилүү бөлүгү:
·         Корея Республикасынын конституциясынын жана анын өнүгүшүн изилдөө;
·         Кыргыз Республикасынын конституциялык өнүгүүсүнүн анализине жаңы мамиле түзүү;
·         Кыргыз Республикасынын конституциясынын экономикалык мазмунун жаңы ыкмалар менен изилдөө;
·         Практикалык сунуштоолорду иштеп чыгуу.



                     

Комментариев нет:

Отправить комментарий