среда, 18 февраля 2015 г.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муниципалдык органдарынын жарандык коомун реформалоодогу, өстүрүүдөгү тийгизген таасири жана ролу

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында 24-февраль шейшемби күнү Казак Республикасынын Астанадагы мамлекеттик кызмат сферасынын Регионалдык хаба төрагасы урматтуу Алихан Байменов мырза конок лекциясын окуйт. 


Лекциянын темасы: «Эффективдүү мамлекеттик кызмат: чакыруулар жана чечим»

А.Байменов конок лекцияны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине, Башкаруу Академиясынын студенттерине жана профессор-окутуучуларга окуйт.
Лекцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат башчысы Д.И.Нарымбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат башчысы Н.С Момуналиев жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын директору А.А. Карашев катышат.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын 3-корпусунун 2-кабатында жайгашкан № 208 аудиториясында 2015-жылдын 24-февралында саат 11:00 дөн 13:00 чейин болот. Каалоочулар үчүн кирүү эркин.      

Байменов Алихан Мухамедьевич

--1959-жылы 25-мартта Караганды облусунун Карсакпай айылында туулган. 1981-жылы Караганды политехникалык институттун – Жезказган тоо-кен технологиялык институтун бүтүргөн. (1988-жыл) Москва автожол институтунун инженер-механиги, (1988-жыл) Техника илимдеринин кандидаты.
--1981-жылы Жезказган тоо-кен техникалык институтунун ассистенти; 1988-жылы Жезказган тоо-кен техникалык институтунун башкы окутуучусу, доцент, декандын орун басары;
--1992-жылы Жезказган облусунун акимчилигинин орун басары; 1994-жылы Жезказган № 54 шайлоо округунан Казак Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаты, парламенттик жана эл аралык байланыш комитетинин орун басары;
--1995-жылдын мартынан баштап КР Эмгек министринин орун басары; 1995-жылдын ноябрынан баштап КР Эмгек министринин биринчи орун басары;
--1996-жылдын мартынан баштап КР Президенттик администрация жетекчисинин орун басары;
--1997-жылдын ноябрынан баштап КР Премьер-министр канцелярия, КР Өкмөтүнүн мүчөсү;
--1998-жылы КР Президенттик Администрациясынын жетекчиси; 1999-жылы КР Мамлекеттик кызмат агенттигинин төрагасы; 2000-жылы КР Эмгек жана социалдык коргоо министри; 2001-жылы “Казакстан демократиялык шайлоо” коомдук бириктирүү саясый кеңешинин мүчөсү;
--2002-жылы “Ак Жол” Казакстан демократиялык партиясынын төрагасынын бири; 2003-жылы “Ак Жол” партиясынын саясый аткаруучу төрагасы;
--2004-жылы парламенттик шайлоодо “Ак Жол” демократиялык партиясынын саясый тизмесинин башында турган. 2006-2007-жылдары КР Мажилис Парламентинин депутаты;
--2005-жылы “Ак Жол” ДПК төрагасы (партиянын 5-сьездинде тандалган);
--2011-2014-жылдары Астанадагы мамлекеттик кызмат сферасынын Регионалдык хаба төрагасы;
--2005-жылы “Ак Жол” Демократиялык партиясынан президенттикке талапкерлигин койгон;
 --Жезказган облусунун ядролук кыймылга каршы “Невада-Семей” бөлүмүнүн башчысы; 1989-жылы “Улытау” кыймылынын төрагасы; 1992-1994-жылдары Жезказган облустук маданиятты өнүктүрүү жана билим, илим фондунун төрагасы; 1993-1994-жылдары Жезказган облустук “Казакстан калкынын бирдиктүү Союзу” организациясынын башында турган; 1995-2000-жылдары Казакстан элдик Ассамблеясынын төрагасынын орун басары;

Комментариев нет:

Отправить комментарий