вторник, 17 февраля 2015 г.

Эффективдүү мамлекеттик кызмат: чакыруулар жана чечим

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында 24-февраль шейшемби күнү Казак Республикасынын Астанадагы мамлекеттик кызматынын Регионалдык хаба төрагасы урматтуу Алихан Байменов мырза конок лекциясын окуйт.


Лекциянын темасы: “Эффективдүү мамлекеттик кызмат: чакыруулар жана чечим”
А.Байменов конок лекцияны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине, Башкаруу Академиясынын студенттерине жана профессор-окутуучуларга окуйт.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын 3-корпусунун 2-кабатында жайгашкан № 208 аудиториясында 2015-жылдын 24-февралында саат 11:00дө башталат.   
Каалоочулар үчүн кирүү эркин.
                             
Байменов Алихан Мухамедьевич
          1959-жылы 25-мартта Караганды облусунун Карсакпай айылында туулган. 1981-жылы Караганды политехникалык институттун – Жезказган тоо-кен технологиялык институтун бүтүргөн. (1988-жыл) Москва автожол институтунун инженер-механиги, (1988-жыл) Техника илимдеринин кандидаты.
         1981-жылы Жезказган тоо-кен техникалык институтунун ассистенти;
         1988-жылы Жезказган тоо-кен техникалык институтунун башкы окутуучусу, доцент, декандын орун басары;
         1992-жылы Жезказган облусунун акимчилигинин орун басары;
         1994-жылы Жезказган № 54 шайлоо округунан Казак Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаты, парламенттик жана эл аралык байланыш комитетинин орун басары;
          1995-жылдын мартынан баштап КР Эмгек министринин орун басары; 1995-жылдын ноябрынан баштап КР Эмгек министринин биринчи орун басары;
            1996-жылдын мартынан баштап КР Президенттик администрация жетекчисинин орун басары;
           1997-жылдын ноябрынан баштап КР Премьер-министр канцелярия, КР Өкмөтүнүн мүчөсү;
            1998-жылы КР Президенттик Администрациясынын жетекчиси; 1999-жылы КР Мамлекеттик кызмат агенттигинин төрагасы; 2000-жылы КР Эмгек жана социалдык коргоо министри; 2001-жылы “Казакстан демократиялык шайлоо” коомдук бириктирүү саясый кеңешинин мүчөсү;
            2002-жылы “Ак Жол” Казакстан демократиялык партиясынын төрагасынын бири; 2003-жылы “Ак Жол” партиясынын саясый аткаруучу төрагасы;
           2004-жылы парламенттик шайлоодо “Ак Жол” демократиялык партиясынын саясый тизмесинин башында турган. 2006-2007-жылдары КР Мажилис Парламентинин депутаты;
          2005-жылы “Ак Жол” ДПК төрагасы (партиянын 5-сьездинде тандалган);
            2011-2014-жылдары Астанадагы мамлекеттик кызмат сферасынын Регионалдык хаба төрагасы;
           2005-жылы “Ак Жол” Демократиялык партиясынан президенттикке талапкерлигин койгон;
        Жезказган облусунун ядролук кыймылга каршы “Невада-Семей” бөлүмүнүн башчысы; 1989-жылы “Улытау” кыймылынын төрагасы; 1992-1994-жылдары Жезказган облустук маданиятты өнүктүрүү жана билим, илим фондунун төрагасы; 1993-1994-жылдары Жезказган облустук “Казакстан калкынын бирдиктүү Союзу” организациясынын башында турган; 1995-2000-жылдары Казакстан элдик Ассамблеясынын төрагасынын орун басары;



          
  


Комментариев нет:

Отправить комментарий