четверг, 12 февраля 2015 г.

Парламенттин жыйынтыктуу жана эффективдүү иши

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясында Германия Бундестагынын экс-вице-спикери, немец саясатчысы Эдуард Освальддын катышуусунда “Парламенттин жыйынтыктуу жана эффективдүү иши” деген темада ачык лекция болуп өттү.  


Лекцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев, саясый партия мүчөлөрү, өлкөнүн аналитик-эксперттери, журналисттер жана Башкаруу Академиясынын окутуучулары менен студенттери катышты.
            Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров өз сөзүндө бул ачык лекция жалпы эле Кыргыз Республикасы үчүн эң маанилүү экенин баса белгиледи: “Бүгүнкү күндө Германиянын тажрыйбасы бизге абдан керек болуп жатат. Урматтуу профессордун келиши менен келечекте биздин кызматташтыгыбызга жаңы жол ачылып жатат”, - деди ректор А.Насыров.
Аны менен бирге ректор урматтуу Освальд мырзага кыргыз-немец байланыштарын өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ардактуу профессору деген наамын тапшырды.
            Немец саясатчысы Эдуард Освальд өз сөзүндө Германия Федеративдик  Республикасынын саясый институттары, Германия Бундестагынын аткарган функциялары, парламенттин эффективдүү иштери жана жарандардын өлкөнүн саясый чөйрөсүнө болгон катыштыгы тууралуу айтып берди.  
            “Башкаруучулардын ишинин эффективдүү жыйынтыгы болбосо, мамлекетте эч кандай иш болбойт. Башкаруучу тарапта туруктуулук болуш керек, ошондо мамлекет жигердүү жана күчтүү болот”,- деп баштады ачык лекцияны Германиянын экс-вице-спикери Освальд мырза.
            Ошондой эле ал парламенттин эффективдүү ишин эмгек бөлүмдөрүндө көрсөтүп, функционалдык жана эмгек экономикасы алты принципти өзүнө камтып тураарын айтып өттү:
- Эркин мандат.
- Пленардык жоопкерчиликтен баш тартуу
- Теңдик калыптандыруу принциби
- Көпчүлүк принциби
- Аз сандагы принциби
- Жарыялоо принциби
“Саясый партиялар элдин эркиндигин калыптандыруу керек. Алардын ички жандүйнөсү демократияга туура келиши зарыл. Партиялар эл менен бийликтин ортосун байланыштырган жандуу көпүрө болууга тийиш. Жарандар партиялар аркылуу өлкөнүн саясый жашоосуна таасирин тийгизип турушу керек”,- дейт профессор мырза.
            Берилген суроолорго берген жообунда Освальд мырза шайлоочулар депутаттар менен болгон апталык жолугушуусунда алардын иштерин ачык көрсөткөндөрүн көзөмөлдөшөт. Ошондой эле жумасына эки жолу ишемби жана жекшемби күндөрү эл өкүлдөрү шайлоочулар менен жолугуп, аткарылган иштери тууралуу отчет беришээрин айтты.
            “Отчет ачык болушу маанилүү, ал аркылуу парламенттин эффективдүү ишин көрүүгө болот. Депутат өз ишинин мыкты адиси болушу зарыл. Парламенттен сырткары ал баардык жактан эксперт болууга тийиш. Мисалы, депутаттар мен бул мыйзамга добуш берген эмесмин, бул маселени мен чечпейм деген шылтоону эч качан айтпашы керек. Ар бир депутат парламентте козголуп жаткан маселеге жооп бериши керек”,- деп түшүндүрдү Э.Освальд.






Комментариев нет:

Отправить комментарий