понедельник, 2 февраля 2015 г.

Канткенде саясаттагы акча каражаттарын козомолдой алабыз

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында Япония олкосунун саясат изилдоочусу, Мальта Республикасынын Токиодогу консулу, профессор Реи Сиратори «Political Finance: How we can control money in politics «Саясат финансысы: (Канткенде биз саясаттагы акча каражаттарын козомолдой алабыз) деген аталыштагы темада ачык лекциясын откорду.


Лекцияга КРнын Жогорку Кенешинин депутаттары, Президенттик Аппараттын окулдору, Окмот, олконун аналитик-эксперттери жана КРПБАнын мугалимдери ошондой эле студенттери катышты.

Академиянын ректору Алмаз Насыров профессор Р.Сираторинин бугунку доклады окуу жайдын пайдубалы учун жаны циклдин башталышы экенин баса белгилеп лекцияны ачып берди.

 «Башкаруу Академиясы окуу жайдын пайдубалынын туптолушундогу озунун салтка айланган жакшы жоролгосун баштап отурат. Бугунку лекциянын мааниси биз учун талашсыз. Лекция аркылуу биз олкобуздун коомуна зор таасирин тийгизе турган дуйнолук илим тенденциясындагы жаны ачылыштарды, дуйнолук интеллектуалдык байланыштын мумкунчулукторун билип атабыз. Анустуно, президентибиз Алмазбек Атамбаев Шаршенович быйылкы жылды «Улуттук экономиканы бекемдоо жылы»  деп жарыялабадыбы», - деди А. Насыров.

Ошондой эле ал Кыргызстан озунун онугуу жолунда башка олколор сыяктуу эле кыйынчылыктарды басып отконун, тажрыйба топтой алгандыгын, бул жагынан Япония олкосу баа жеткис тажрыйбага ээ экенин баса белгилеп, бугунку лекциянын темасы олкобуз учун ото маанилуу жана саясый маданиятка тиешелуу болгон суроолорду туудураарын айтып отту.   

Ал эми профессор Р.Сиратори созун Япониядагы саясый финансылык партиялардын жана финансы саясатындагы козомолго карата иштелип чыккан иш тажрыйбалар тууралуу баштады.

 «Менин айтайын дегеним, саясаттагы лидерлер эч кандай чыр-чатактарга аралашпашы керек, бул шайлоодо терс таасирин тийгизип коет. Мындан башка кир жолдор аркылуу келген акчалар да алардын кийинки чечимдерине зыянын тийгизип коюшу мумкун, ошондуктан саясаттагы акча маселеси ото маанилуу суроо», - деген созу менен лекцияны улантты Р. Сиратори.

Ал саясаттагы финансы козомолунун ыкмалары – ачык-айкын, мониторинг, жайылтуу экенин айтып отту.

«Ошондуктан биздеги саясый партиялар башка чет олколорду же эл аралык организацияларды финансы жагынан каржылай алышпайт. Бул олконун саясатына тоскоолдук жаратат деп санашат», - деген ою менен болушту профессор.

Анын билдируусу боюнча саясый партиялар, мекемелер жана саясатчылардын донору катары профсоюз, саясатчылар жана партиялар сыяктуу жеке тараптар, ишкерлер жана коомдук бирикмелер боло алат.

«Ар бир жаран оз ыктыяры менен саясый партияга салым кошсо болот, бул партияларга болгон жардам катары саналат. Ошондой эле жарандардын кошкон салымы партиялар толочу салыктан бошотот», - дейт Р.Сиратори.

Профессор саясаттагы финансынын мониторингинин каражаттары бир нече система менен аталаарын тушундуруп берди. Алар: чынчылдык, жайылтуу, текшеруу, сот иш-чаралары жана акча каражаттарынын тушушун оз ыктыяры менен ачык корсотуу.
Ошондой эле ал партиялар шайлоодо толочу взностун которулушу жана баардык чыгымды мамлекет толоорунун кажети жок экенин билдирди.







Реи Сиратори
--Япониядагы Саясат изилдоочу Институтунун президенти;
--Интернет-рейтинг байкоо Институтунун президенти;
--Мальта Республикасынын Токиодогу консулу;
--Dokkyo, Токионун Эмгек синирген профессору;
--Tokai университетинин Эмгек синирген профессору;

Профессор Сиратори заманбап саясаттын теориясы боюнча адистик кылат. Ал Японияда белгилуу саясый заманбап теоротик катары жана жакшы теориялык ыкмаларын жеткируу боюнча заманбап саясат чойросуно таанымал инсан.
Dokkyo, Tokai, Essex жана Akita Эл аралык университетте
--«Саясаттагы теория жана тажрыйба»,
--«Япония саясаты» боюнча окуткан.
Япониядагы Саясат изилдоочу Институттун президенти болгон.
Азыркы учурда Румыния, Босния, Герцеговина, Косово, Индонезия, Грузия, Кыргызстан жана Афганистан башынан откоргон чыр-чатактары боюнча коомго демократиялык принциптерди жайылтууга жана олколордун туруктуу саясат жургузушуно салым кошуп келет.
Реи Сираторинин эмгек жылдары:
--«Саясат теорияларынын туптолушу» (1965-ж.)
--Саясат теорияларынын онугуусу» (1968-ж.)
--«Саясаттагы сапаттуу анализ».
2003-жылдын август айында Мальта Республикасынын президенти Сираторини Мальта республикасынын ардактуу консулу деп дайындаган.



  

Комментариев нет:

Отправить комментарий