четверг, 10 декабря 2015 г.

«Success story» программасынын алкагында Мамлекеттик башкаруу академиясында Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Рафик Мамбеталиев «Баңгизаттарга каршы күрөшүү» деген темада лекция окуду

2015-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттерине «Success story» программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Рафик Мамбеталиев «Баңгизаттарга каршы күрөшүү» деген темада лекция окуду.  

Лекциянын жүрүшүндө Р.Мамбеталиев студенттерге учурда жүргүзүп жаткан иш-аракеттери, эл аралык кызматташтык байланыштар, баңгизаттардын түрлөрү жана зыяндары, баңгизаттардын пайда болушуна бөгөт коюу маселелери тууралуу маалымат берди.
«Бүгүнкү күндө биз бардык шериктеш мамлекеттер менен кызматташып келебиз. Канча деген кылмыштар ачылууда. Бир ширеңке үчүн кыргыздын мыкты балдары түрмөдө отуруп калышы мүмкүн. Баңгизаттын кесепети – түрмө же өлүм! Ошондуктан баңгизат менен алектенгенден алыс болуңуздар», - деди Р.Мамбеталиев.
Ошондой эле Рафик мырза студенттерди спортко жана патриот болууга чакырды.
 «Жаш кезиңерден спортко жакын болгула. Мен мамлекеттик жооптуу кызматта жүргөнүмө карабай, кулатуу - эр таймашынын вице президентимин, спорт менен машыгам. Силер дагы азыр мыкты билим алгыла, тил үйрөнгүлө, бирок кыргыз тилин эң биринчи орунга койгула, патриот болгула», - деди Р.Мамбеталиев.
Лекциянын аягында студенттер лекторго кызыктуу суроолорду беришти.
Бул лекция «Success story» программасынын алкагында студенттер үчүн уюштурулду.








Комментариев нет:

Отправить комментарий