четверг, 24 декабря 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери балдар үйлөрүндө кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүштү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери 2015-жылдын 23-24-декабрь күндөрү ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна жана Военно-Антоновкадагы жетим балдар үйүнө барып кайрымдуулук майрамдык иш-чарасын өткөрүштү.

Сокулуктагы реабилитациялоо борборунда жашап жаткан майып, көпчүлүгү жарым жетим жана социалдык жактан жарды жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарына жана Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө студенттер КРПМБАнын ректорунун жана жамаатынын атынан 250 баланы Жаңы жылы менен куттуктап, оюнчуктардын түрлөрүн, таттууларды белек кылышты. 
Ошондой эле атайын Жаңы жылга арналган майрамдык жомок көрсөтүштү. Жаныбарлардын каармандарына айланган студенттердин номери балдарга майрамдык маанай тартуулады.
«Жетим көрсөң маңдайынан сылап өт, жесир көрсөң ал-абалын сурап өт» дегендей, студенттердин белек-бечкектери, оюн-зооктору жаш балдарга абдан жакты. Кичинекей бөбөктөр студент ага-эжелери менен кошулуп ырдап, бийлеп, ойноп чер жазышты.
Мындай кайрымдуулук иш-чара үчүн Сокулуктагы реабилитациялоо борборунун администрациясы КРПМБА ректору Алмаз Насыровго ыраазычылык кат жиберди.  
Аталган кайрымдуулук иш-чараны КРПМБАнын Карьера жана лидерлик борбору менен студент-волонтерлор биргеликте уюштурушту.
   

   










Комментариев нет:

Отправить комментарий