вторник, 15 декабря 2015 г.

Эл аралык илимий-практикалык конференция «Кыргызстан: азыркы учурдагы экономикалык көйгөйлөрдү жеңүү»

2015-жылдын 18-19-декабрында КР Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана өнөр жай министрлиги биргеликте «Кыргызстан: азыркы учурдагы экономикалык көйгөйлөрдү жеңүү» деген темада Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүшөт.   

Бул иш-чара Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөтү айылындагы, “Ысык-Көл-Аврора” санаториясынын конференц-залында өтөт.  
Белгилей кетсек, конференция 2014-жылдын 31-декабрында чыккан Кыргыз Республикасынын Президентинин «2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгынын алкагында өткөрүлөт. Жарлыктын негизинде Өкмөткө жана башка органдарга бир нече маселелер коюлган, анда элдин жашоосун жакшыртуу, кыргыз мамлекетинин келечегин бекемдөө, ишкердикти жана ата-мекендик өндүрүштү өнүктүрүүнү колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү жана масштабдык социалдык программаларды ишке ашыруу үчүн коомдун жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Конференцияда Кыргыз Республикасынын баштапкы шарттары:  учурдагы экономикалык тенденцияны өстүрүү контекстиндеги туруктуу өнүктүрүүнүн негизги моделдери жана өз ара аракеттин, талаптардын иштеши, улуттук ресурстардын абалы, Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке жана башка интеграциялык биригүүлөргө кирүүсү менен адамдык капиталы жана мамлекеттин социалдык-экономикалык дарамети каралат.
Конференциянын максаты, 2014-жылдын 31-декабрында чыккан Кыргыз Республикасынын Президентинин «2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында жетишкендиктердин мониторингин өткөрүү, тобокелдикти аныктоо жана Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасынын бекемдигин өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча эффективдүү мамилелерди издөө.   
Конференциянын сессияларында туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү аспектерин камсыздоо талкууланат: финансы-экономикалык, социалдык-саясий факторлору, азыркы экономикалык чакырыктардын контекстиндеги мыйзам чыгаруу жана сот бутактарынын ролу, региондорду өнүктүрүү маселелери, андан сырткары, мамлекеттик башкаруунун эффективдүү түзүлүшү жана интеграциянын шарттарындагы ошондой эле интеграциялык биригүүлөрдөгү улуттук экономиканы өнүктүрүүнүн перспективдүү векторлорунун өнүгүшү.  
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеш секретариатынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Министрликтин жана ведомстволордун жетекчилери, ата-мекендик жана чет мамлекеттик илимпоздор, эксперттер жана жарандык коом институттарынын  өкүлдөрү, эл аралык донорлук мекемелер катышат.





Комментариев нет:

Отправить комментарий