четверг, 3 декабря 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттерине «Кыргызалтын» ААК төрагасы конок лекция окуду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «Кыргызалтын» ААК төрагасы Алмаз Алимбеков «Мамлекеттик кызматтын келечеги» жана  «Кыргыз Республикасынын тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүү» деген темаларда студенттерге лекция окуду.


А.Алимбеков лекцияда студенттерге ишмердүүлүгүндөгү жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берип, буга чейинки иш тажрыйбасы менен бөлүштү.
«Урматтуу студенттер, силерде азыр толук кандуу, ар тараптуу билим алууга өтө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Убагында жакшы окуп, тажрыйба топтогонго аракет кылгыла. Себеби, келечек жаштардын колунда. Баардык ийгиликтер майда иштен башталат. Кыйынчылыктардан коркпош керек, маселе чечүүдөн качпагыла. Акчага кызыкпай, мамлекеттик кызматта иштеп, өлкөңөргө пайда келтирген патриот жаштардан болгула», - деди Алмаз Алимбеков.
         Ошондой эле лекциянын жүрүшүндө студенттер Кыргызстандагы тоо-кен казуу тармагынын иш-аракеттери, “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун иштери жана пландары тууралуу маалымат алышты.  
         Жолугушуунун аягында “Кыргызалтындын” төрагасы студенттердин кызыктуу суроолоруна жооп берди.
 Бул иш-чара «Success story» программасы боюнча КРПМБАнын угуучулары үчүн уюштурулду.






Комментариев нет:

Отправить комментарий