четверг, 3 декабря 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы кызматташтык тууралуу Макулдашууга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы кызматташтык тууралуу Макулдашууга кол коюшту.

Макулдашуунун алкагында КРПМБА жана ФЧМК финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин финансылык чечимдеринин ачыктыгы жана биргелешкен изилдөөлөрдү өткөрүү жаатындагы иш-чаралар каралды.     
Иш-чаранын жүрүшүндө КРПМБА ректору Алмаз Насыров ФЧМК төрагасы Мэлис Мамбетжановду «Success story» программасы боюнча студенттерге лекция окуп берүүсүнө чакырды.
«Биз «Success story» программасында ийгиликтүү мамлекеттик кызматкерлердин жана менеджерлердин инновациялык ачык лекцияларынын циклдерин жандандырып жатабыз. Сиз да келип, ачык лекцияңызды академиянын студенттерине окуп беришиңизди каалайбыз. Ийгиликке жетүүнүн сырларын угуу студенттерибиз үчүн өтө маанилүү», - деди А. Насыров.
ФЧМК төрагасы Мэлис Мамбетжанов ректордун чакыруусуна ыраазычылык билдирип, Россия Федерациясынын финансылык мониторинги боюнча Федералдык кызматынын директорунун  кылмыштык акчалардын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоодо Тарам институтунун өнүктүрүүсүн камсыз кылгандыгы үчүн КРПМБА ректорунун атына багышталган Ыраазычылык катын тапшырды.
         Иш-чаранын аягында КРПМБА ректору Алмаз Насыров жана ФЧМК төрагасы Мэлис Мамбетжанов кызматташтык тууралуу Макулдашууга кол коюшту.  





Комментариев нет:

Отправить комментарий