понедельник, 14 декабря 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын «КиВи АГУПКР» КВН командасы Кыргызстан кышкы кубок КВНине катышты

2015-жылдын 12-декабрында Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн Кыргызстан кышкы кубок КВНине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын «КиВи АГУПКР» КВН командасы катышты.  

         КВНдин шарты боюнча берилген бардык тапшырмаларга «КиВи АГУПКР» командасы мыкты даярдыкта келишкендерин көрсөтүштү.
КВН рейтинги боюнча 1-орунду алган команда финалга өтөт. Эске салсак, 2чи кубоктон кийинки командалардын рейтинги боюнча Мамлекеттик башкаруу академиясынын «КиВи АГУПКР» КВН командасы 28 балл менен 2-орунду ээлешти.
«КиВи АГУПКР» КВН командасынын мүчөлөрү:
Команданын капитаны - Бурханов Искандар         ГМУ-1-14
                                      Туркменов Кубан             УГС-1-14
                                      Усеналиев Бексултан        ГМУ-5-14
                                      Нарманбеков Эрмек         ГФФР-СС-1-15
                                      Жамбылбек уулу Бекзат    ИТГМУ-1-15
                                      Исаков Туратбек.  
         Баса белгилей кетсек, КВНге атагы алыска чыккан белгилүү адамдар калыстык кылышты. 
Калыстар мүчөсү:
Орзубек Назаров – бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону.
Ассоль Молдокматова – теле алпаруучу.
Фуркат Абдуллаев – «Особенности Национального» КВН командасынын катышуучусу, ишкер.
Юлия Руцкая – эстрада ырчысы.

Александр Никсдорф – журналист. 


Комментариев нет:

Отправить комментарий