среда, 23 декабря 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында «Манас» эпосунун үчилтигин сактоону жайылтуу максатында маданий-руханий кече өткөрүлдү

2015-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Бишкек финансы экономикалык техникумунун студенттери «Манас» эпосунун үчилтигин сактоону жайылтуу максатында уюштурулган маданий-руханий кечеге катышты.

Бул кече Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 «Манас» эпосунун күнүн белгилөө жөнүндɵгү» токтомун ишке ашыруу жана «Манас» эпосунун үчилтигин сактоо, кеӊири жайылтуу жана өнүктүрүү максатында уюштурулду.
         Кыргыз маданиятын анын ичинде эпосту даңазалоого арналган иш-чарага студенттер активдүү катышты. Маданий кечеде манас айтуу чеберчилиги, көркөм ыр окуу, комуз чертүү, бий өнөрү жана дубал гезит сынагы көрсөтүлдү.  
Иш-чаранын сыйлуу коногу катары Кытайдагы белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы Жусуп Мамай уулу чакырылды. Ал кытайлык кыргыздардын атынан салам айтып, кечеге өзүнүн баасын берди.  
«Кыргыз элинин көөнөрбөс байлыгы катары эсептелген «Манас» эпосун даңазалоо эң туура жөрөлгө. Бүгүн биз студенттердин өнөрүнө, талантына күбө болдук. Алардын манас айтуу чеберчилигин көрдүк. Жогорку окуу жайларында мындай маданий-руханий кечелердин көп болушу студенттерге патриоттук сезимди, рухту тартуулайт», - деди Тургунаалы.
Андан сырткары, бул кечеге сыйлуу конок катары чакырылганына кубанган манасчы студенттерге манас айтып берди.  
Иш-чаранын жыйынтыгында калыстар тобу «Манас» эпосун чагылдырган дубал гезиттерине жана манас айтуу чеберчилиги боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты.
         Бул маданий, руханий кечени КРПМБАнын Карьера жана лидерлик борбору менен Тил окутуу кафедрасы уюштурду.   














Комментариев нет:

Отправить комментарий