вторник, 8 декабря 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери Ч.Айтматовго арналган жогорку окуу жайлар арасындагы турнирде 1-орунду жеңип алышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык факультети уюштурган Чыңгыз Айтматовдун 87 жылдыгына арналган жогорку окуу жайлар арасындагы дебат турниринде 1-орунду жеңип алышты.   

Дебатка жалпысынан республикадагы жогорку окуу жайлардын 32 командасы катышып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары тууралуу түзүлгөн темаларга кызыктуу талкуу жаратышты.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери: Баялы Аскаров менен Кубан Жумамидиновдун  «Ультиматум» командасы 1-орунга ээ болуп, кубок жана сертификат менен сыйланды.  
«Дебат абдан кызыктуу жана күчтүү атаандаштыкта өттү. Былтыр дебатта 2-орун алган болсок, быйыл 1-орунду жеңип отурабыз. Бул биздин чоң жетишкендигибиз», - деди Б.Аскаров.







Комментариев нет:

Отправить комментарий