пятница, 18 декабря 2015 г.

Ысык-Көлдө «Кыргызстан: азыркы учурдагы экономикалык көйгөйлөрдү жеңүү» Эл аралык илимий-практикалык конференциянын алгачкы күнү ийгиликтүү өттү

2015-жылдын 18-декабрында Ысык-Көл облусундагы “Ысык-Көл-Аврора” санаториясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Экономика жана өнөр жай министрлиги биргеликте уюштурган «Кыргызстан: азыркы учурдагы экономикалык көйгөйлөрдү жеңүү» деген темадагы Эл аралык илимий-практикалык конференциянын алгачкы күнү ийгиликтүү өттү.

Конференция 2014-жылдын 31-декабрында чыккан Кыргыз Республикасынын Президентинин «2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында жетишкендиктердин мониторингин өткөрүү, тобокелдикти аныктоо жана Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасынын бекемдигин өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча эффективдүү мамилелерди издөө максатында өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын официалдуу ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров конференцияда талкууланчу маселелерге токтолуп өттү.
«Бүгүнкү илимий-практикалык конференциянын сессияларында туруктуу өнүктүрүүнүн финансы-экономикалык, социалдык-саясий факторлору, азыркы экономикалык чакырыктардын контекстиндеги мыйзам чыгаруу жана сот бутактарынын ролу, региондорду өнүктүрүү маселелери, мамлекеттик башкаруунун эффективдүү түзүлүшү жана интеграциялык биригүүлөрдөгү улуттук экономиканы өнүктүрүүнүн перспективдүү векторлорунун өнүгүшү талкууланат», - деди А.Насыров.
Бул күнү  “Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүү абалы” аталышындагы пленардык сессияда төмөнкү темадагы докладдар окулду.
Черный.И.А: “Азыркы шарттагы Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүү чакырыктары”.
Чуйков А.Н:  “Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кирүүсү – Start-up экономикалык мүмкүнчүлүктөрү”.
Абдыгулов Т.С: “Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын экономикалык өсүүсүнө жардам кылуу”.
Капинос С.П: “Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүндөгү өнөктөштөрдү бириктирүү: ниеттер жана жыйынтыктар”.
Ташпаева Н.А: “Адам капиталын өнүктүрүү – өлкөнүн улуттук экономикасын бекемдөө стимулу”.
Биялинов А.Ю: “Экономикалык өнүктүрүү базалык шартта - коррупция менен күрөшүү”.
Садыков Н.Б: “Сот системасы: Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн эффективдүү провайдери”.
Ошондой эле №1 панелдик сессияда: “Интеграциянын шарттарында улуттук экономиканы өнүктүрүү векторлору”.
№2 панелдик сессияда: “Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү – социалдык чөйрөнүн туруктуулугу жана улуттук экономиканы өнүктүрүү негиздери”.
№3 панелдик сессияда: “Мамлекеттик башкаруунун эффективдүү түзүлүшү – туруктуу экономиканы өнүктүрүү фактору” темаларында сунуштар талкууланып жыйынтык чыгарылды.
Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү 2015-жылдын 19-декабрында өтөт.  
  












Комментариев нет:

Отправить комментарий