воскресенье, 13 декабря 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында каратэ боюнча дүйнөнүн 6 жолку чемпиону Манабу Мураками студенттер менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында каратэ боюнча дүйнөнүн 6 жолку чемпиону, машыктыруучу Манабу Мураками  студенттерге «Интеллектуалдык, руханий жана физикалык жактан өнүгүү» деген темада конок лекция окуду.

Лекциянын жүрүшүндө Манабу Мураками мырза лекциянын катышуучуларына Япония элинин каада-салты, үрп-адаты, экономикасы жана саясаты тууралуу кыскача маалымат берди. Андан сырткары, өзүнүн сүйүктүү кесибине айланган каратэ боюнча айтып берди.
«Мен 9 жашымда каратэге келип, 15 жашымда спорттун чоң турнирлерине катыша баштагам. Ошондон бери каратэ менин сүйүктүү кесибиме айланды. Мен жашоомду каратэсиз элестете албайм, спорт менин бүтүндөй жашоом. Менин ушундай ийгиликтерге жетишиме себепкер болгон машыктыруучума өмүр бою таазим кылам», - деди М.Мураками мырза.
         Лекциянын өзгөчөлүгү суроо-жооп иретинде өтүп, студенттер М.Муракамиге ар кыл багыттагы кызыктуу суроолорду беришти.
Ошондой эле «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков япон элинин мүнөзүнө кыскача токтолуп өттү.
«Мен Япониядан окуп келдим. Япон эли өтө маданияттуу, билимдүү ошол эле учурда жөнөкөй болушат. Буларда мактануу деген сапат жок. Адам бир гана интеллектуалдык жактан өнүкпөстөн, руханий, физикалык жактан да өнүгүшү керек. Ошондуктан биз ийгиликке жетишкен үлгүлүү адам, мыкты машыктыруучу Манабу Муракаминин тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн сиздер менен жолуктурууну туура көрдүк», - деди Н.Кадырбеков.
         Бул иш-чараны «Success story» программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын Карьера жана лидерлик борбору жана «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду биргеликте уюштурду.



Комментариев нет:

Отправить комментарий