понедельник, 14 декабря 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын студениттери шахмат жана волейбол турнирлерине катышты

2015-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун спорт залында шахмат боюнча ал эми И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин спорт залында волейбол боюнча турнирге катышышты.  

Шахмат боюнча турнирге жалпысынан 30 студент катышып, кызыктуу оюн көрсөтүштү. Оюндун шарты боюнча эркектер арасында жана кыздар арасында өзүнчө таймаш өттү. Акылмандыкты талап кылган оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөр грамота жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.  
Шахмат оюнунун жыйынтыгы.
Балдар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун Аттокуров Адилет ГМУ-1м-15
2-орун Рысматов Азамат ГМУ-16-13
3-орун Мукай уулу Жакшылык ИТ-ГМУ-1-15

Кыздар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун Кулатова Жанара БУАГУсс-1-13
2-орун Мырзабекова Нуриза ГМУ-1-15
3-орун Арыстанбек кызы Жазгүл   
        
Ошондой эле Универсиада 2016га тандоо үчүн уюштурулган волейбол боюнча спартакиадага бакалавр жана магистратура программаларынын 250гө жакын студенттери катышты.
Жыйынтыгында:
1-курстардын эркектер курама командасы 1-орунду;
2-курстун кыздар курама командасы 2-орунду;
3-курстун студенттери 2 командага бөлүнүп, 2-3-орундарды алышты.  
  
Бул иш-чараны КРПМБАнын Карьера жана лидерлик борбору менен биргеликте Студенттик парламенттин спорттук сектору уюштурду.


















Комментариев нет:

Отправить комментарий