пятница, 18 сентября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу Академиясынын студенттери Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын студенттери 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган кыргыз тил жумалыгынын алкагында Кыргыз эл баатыры, көрүнүктүү жазуучу, драматург Бексултан Жакиев менен жолугушту.

         Мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров Кыргыз эл баатыры Б.Жакиевдин студенттер менен жолугуп, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп жатканына ыраазычылык билдирди.
“Бексултан Жакиев агайыбыз сыяктуу белгилүү инсандардын биздин Академияга келип тажрыйба бөлүшүп, кеп-кеңеш бергени биз үчүн абдан маанилүү. Биз мындай жолугушуулардын көп болушун каалайбыз. Биздин студенттер билим алып гана тим болбостон, ушундай маданий иш-чараларга катышып, ар тараптан өнүгүп, тажрыйба топтогондору жакшы көрүнүш”, - деди А. Насыров.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз эл жазуучусу Б.Жакиев студенттерге басып өткөн өмүр жолун, ийгиликтер менен коштолгон чыгармачыл эмгектерин, турмушундагы кызыктуу окуяларын жана кыргыз тилинин баалуулугу, өзгөчөлүгү, бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу айтып берди.
“Эгерде биздин мамлекеттик тилибиз сакталбаса, жөн эле эл бойдон калабыз. Бүгүнкү күндөгү кыргыз тилинин абалы өтө начар дагы эмес, өтө мыкты дагы эмес. Биз тилибизди өнүктүрүүнүн жолун туура пайдалана билишибиз керек. Сырттан келген сөздөрдү өзүбүздүкү кылабыз деп туура эмес которуп, ката кетирип жатабыз. Ар бир тил барган сайын байып турушу керек”, - деди Бексултан Жакиев.  
         Иш-чаранын алкагында жазуучу Академиянын китепканасына өзүнүн калемине таандык китептерин белекке тапшырды. Ошондой эле Тил үйрөнүү борборунун директору Калипа Омуралиева Академиянын атынан кыргыз мамлекетин түптөгөн инсандар тууралуу жазылган тарыхчы Ж.Байдилдеевдин китептерин Бексултан Жакиевге белекке берди.  
         Жолугушуунун аягында студенттер Кыргыз эл баатырына бир нече суроолорун узатышып, кызыктуу жооп алышып, эстеликке сүрөткө түшүштү.












Комментариев нет:

Отправить комментарий