среда, 16 сентября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу Академиясынын студенттери тарых илиминин кандидаты Жумагул Байдилдеев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын студенттери 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлүп жаткан кыргыз тил жумалыгынын алкагында белгилүү тарыхчы, тарых илиминин кандидаты Жумагул Байдилдеев менен жолугушту.  


Жолугушууда КРПМБАнын Тил үйрөнүү борборунун директору Калипа Омуралиева студенттерге тарыхчы Ж.Байдилдеевдин жасаган эмгектери тууралуу айтып берди.
“Бүгүн биз силер менен мамлекеттин тарыхын, тилин, дилин, каада-салтын жакшы билген адамды жолуктуруп жатабыз. Жумагул агайыңар силерге мамлекетти түптөгөн агартуучулар, көрүнүктүү инсандар тууралуу айтып берерт”, - деди К.Омуралиева.
Иш-чаранын жүрүшүндө тарыхчы Ж.Байдилдеев студенттерге кызыктуу маалыматтарды бергенге, кыргыз тилинин кандайча түптөлүп, бүгүнкү күндө кандай деңгээлде колдонулуп жатканын баса белгилеп кетти.
Андан сырткары, кыргыз тилин алгачкылардан болуп жайылткан агартуучулар жана Кыргыз мамлекеттин түптөгөн белгилүү коомдук ишмерлер тууралуу маалымат берди.
Иш-чараны Китепкана бөлүмүндө Тил окутуу борбору, Коомчулук менен байланышуу бөлүмү уюштурду.   











Комментариев нет:

Отправить комментарий