пятница, 18 сентября 2015 г.

КРПМБАнын студенттери акын, жазуучу Кубат Жакыпов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын студенттери кыргыз тил күнүнө арналган жумалыктын алкагында белгилүү акын, жазуучу Кубат Жакыпов менен жолугушту. Жолугушуунун максаты кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталып, “Кыргыз тили көркөм чыгармаларда” деген темада маектешүү болду.

         Кубат Жакыпов студенттерге бүгүнкү күндө кыргыз тили көркөм чыгармаларда кандай чагылдырылып жатканын жана студенттерге тил канчалык деңгээлде маанилүү экенин айтып берди.
         “Мамлекеттик тилибиз улуттун өсүп-өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзөт. Ошондуктан силер келечектеги мыкты адис катары эң алгач өз эне тилиңерди жогорку деңгээлде билишиңер керек. Анүчүн, көркөм чыгармаларды, китептерди көп окууга тийишсиңер. Китеп окуган адамдын аң-сезими бөлөк адамдардыкына салыштырмалуу бийик болот”, - деди К.Жакыпов.
         Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер акындын “Аян ырлар”, “Кут китеп”, “Ыйман наама” деген китептери менен таанышып, автордун калемине таандык акыл-насаат ырлардан угушту. Кубат Жакыпов жогоруда аталган китептерин Академиянын китепканасына белекке тапшырды.
         Акын менен болгон жолугушуу студенттерге чоң таасир калтырып, аягында суроо-жооптор болуп, ыраазычылык куттуктоолор айтылды.







  

Комментариев нет:

Отправить комментарий