среда, 16 сентября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу Академиясынын Дистанттык билим берүү департаментинин бүтүрүүчүлөрү диплом алышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо институтунун Дистанттык билим берүү департаментинин бүтүрүүчүлөрү диплом алышты.  


Бүтүрүүчүлөр төмөнкү адистиктеги дипломдорго ээ болушту:
1. Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистигинде (техникумдан кийинки сырттан окуу формасы) – группа БУАз(т)-2-11;
2. Каржы жана насыя банк иштери адистигиндеги (техникумдан кийинки сырттан окуу формасы) – группа  БДз(т)-2-11 – 40 бүтүрүүчү, БДз(т)-3-11 – 33 бүтүрүүчү;
3. Салык жана салык салуу адистигиндеги - группа ННз(т)-2-11  - 27 бүтүрүүчү;
4. Менеджменттик уюм адистигиндеги -  группа МО(3,5)з(т)-2-11  - 16 бүтүрүүчү;
Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиги боюнча БУАз(т)-2-11 группасынан Кулова Маликага артыкчылык диплому берилди.
КРПМБАнын коомдук иштерине жигердүү катышып, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн группалардын башчыларын белгилейбиз:
1. Кулова Малика – БУАз (т)-2-11 группасынын башчысы;
2. Абдуразулова Жыпара - БДз(т)-2-11 группасынын башчысы;
3. Мирланбекова Калзада - БДз(т)-3-11 группасынын башчысы;
4. Камчыбек кызы Элиза - ННз(т)-3-11 группасынын башчысы;
5. Татыбеков  Нурсултан - МО(3,5)з(т)-2-11 группасынын башчысы.  



Комментариев нет:

Отправить комментарий