среда, 23 сентября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында «Россия-Кыргызстан: Евразия интеграциясындагы жаштардын ролу» аталышындагы эл аралык жаштардын форуму болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында 2015-жылдын 22-сентябрь күнү «Россия-Кыргызстан: Евразия интеграциясындагы жаштардын ролу» аталышындагы эл аралык жаштардын форуму болуп өттү. Форумду Урал мамлекеттик экономикалык университети жана “Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду менен КРПМБА биргеликте уюштурду.       

КРПМБА ректору Алмаз Насыров өз сөзүндө аталган форумдун негизги максаты – туруктуу өз ара аракеттешүү аянтчасын жана эки тараптын жаштарынын байланышын түзүү экенин баса белгиледи.  
 «Бүгүн жаштарга олуттуу милдеттер жүктөлүп жатат, силер бардык Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди жеткирип берүүчүлөрдөн болушуңар керек. Биз ойлойбуз, азыркы форум жаштар үчүн билим алмашууга жана инновациялык идеяларды алууга жакшы мүмкүнчүлүк берет. Эң негизгиси ушунун бардыгы биздин өлкө менен болгон эффективдүү достук аянтчасын түзүүгө жол ачат», - деди А. Насыров.
Алгачкылардан болуп докладды Россиядагы белгилүү журналист, «Россия сегодня» эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору, БМТРКнын башкы директорунун орун басары Дмитрий Киселев окуду.    
Киселев жаштарга болгон кайрылуусунда, жаштар келечекте гана эмес, азыркы учурда дагы бардык жоопкерчиликтерди моюндарына алышын белгиледи.   
 «Бүгүнкү күндө бардык өнүгүү жана инновациялык идеялар жаштардан чыгат. Силердин жүргөн-турганыңардан, тандооңордон, жашоого койгон планыңардан өзүңөрдүн келечектеги жеке турмушунар куралат!», - деди Д. Киселев.
РФ Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын төрагасынын кеңешчиси Михаил Кротов РФ Мамлекеттик думасы жаштар кыймылына жакшы көңүл бурарын айтып өттү.    
 «Келечек жаштардын колунда! Бирок, жаштар өздөрүн Евразиялык интеграцияда көрсөтүү үчүн биринчиден, ал эмне экенин түшүнүү керек. Силер Евразиялык интеграциянын масштабын жана багыттарын, өзгөчөлүктөрүн сунуштоого тийишсиңер», - деди М. Кротов.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Бакыт Эгембердиев өзүнүн докладында Кыргызстанда активдүү иштелип жаткан жаштардын долбоорлору тууралуу айтып берди.
 «КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана «Системы роста», Кыргыз-Орус бизнес-мектеби кызматташтыгы алкагында биргелешип иштеген  жаңы долбоорубуздун ачылышын жакында эле жасаганбыз. Долбоор талкууларды, мастер-класстарды, бизнес-тренингдерди, интерактивдик лекцияларды жана ар кандай тренингдерди өткөрүүчү аянтчаны ишке ашырат», - деди Б. Эгембердиев.

Аталган форум «Евразиялык экономикалык союз. Аймактар ортосундагы кызматташтыктын жаңы перспективалары», Россия-Кыргыз аймактар ортосундагы IV конференциянын алкагында өткөрүлдү.  










Комментариев нет:

Отправить комментарий