вторник, 22 сентября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында 23-сентябрь тил күнүнө карата уюштурулган кыргыз тил жумалыгынын жыйынтыктоочу салтанаттуу бөлүгү болуп өттү. Майрамдык иш-чарага атайын КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлдөрү конокко чакырылды.  

         Салтанаттуу иш-чараны КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров ачып берип, жалпы катышуучуларды тил күнү менен куттуктады.
        “Буга чейин биз академияда мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын негизинде бир нече иштерди аткардык жана аткаруудабыз. Улуттук тил комиссия менен кызматташтык меморандумун түзүп, алар менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Кыргыз тилин өнүктүрүү максатында белгилүү адамдар менен студенттердин жолугушуулары уюштурулду, “Раззаков” көркөм тасмасы көрсөтүлдү, иш-кагаздарыбыз кыргыз тилинде жүргүзүлүп баштады. Бул биз үчүн чоң жетишкендик”, - деди А.Насыров.
         Тил үйрөнүү борборунун директору Калипа Омуралиева кыргыз тилинин түптөлүшү, бүгүнкү күндөгү абалы, баалуулугу жана өзгөчөлүктөрү тууралуу докладын окуду. Ошондой эле салтанаттын жыйынтыгында кыргыз тил жумалыгынын алкагында уюштурулган “Менин сүйүктүү эне-тилим” аталышындагы сынактын жыйынтыгын чыгарды.
         Сынакка катышкан элүүгө жакын студенттин ичинен мыкты эссе жазгандыгы үчүн төмөнкү студенттер акчалай сыйлык жана Ардак грамота менен сыйланышты.  
1-орун – 10 000 сом Турумбеков Ажыбек ГМУ1-15 группасы;
2-орун – 5 000 сом Орозкулов Адилет ГМУ2-14  группасы;
3-орун - 3 000 сом Айбекова Гулина ЭПУР1-153 группасы.  
Ал эми мыкты көркөм ыр жазгандыгы үчүн төмөнкү 3 кызматкер акчалай сыйлык жана Ардак грамота менен сыйланышты.  
1-орун – 5 000 сом Базаркулова Элвира;
2-орун – 3 000 сом Абдыкалыкова Жибек;
3-орун – 1 000 сом Кулсариева Астра.  
         Ошондой эле Улуттук тил комиссиясынан келген өкүлдөр академиянын жалпы жамаатына куттуктоо сөздөрүн айтышып, КРПМБАнын Коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн менеджери Касымова Айнура Султанкуловнаны “Кыргыз тилине кошкон зор салымы” үчүн төш белгиси менен сыйлашты.  
         Иш-чара тил күнүнө арналган концерттик программа менен аяктады.

          











Комментариев нет:

Отправить комментарий