вторник, 1 сентября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу Академиясында жаңы окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында билим күнүнө жана жаңы окуу жылына карата концерттик программа менен коштолгон салтанаттуу иш-чара болуп өттү.  

Биринчи курстар алгачкы жолу Академиянын босогосун атташты. Салтанаттуу иш-чараны КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров ачып берди. Ал өз сөзүндө биринчи курстарды куттуктап, студенттерге Академиянын негизги аш-аракети, миссиясы тууралуу айтып өттү.
«Биздин окуу жайда силердин билим алышыңар жана келечектеги илимий иш-аракетиңер үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Силерди окута турчу мугалимдер жогорку класстагы профессорлор, илимдин докторлору, кандидаттар жана доценттер, алар өздөрүнүн жогорку деңгээлдеги иш-тажрыйбалары менен бөлүшөт. Ошондой эле силер үчүн эл аралык деңгээлдеги саясатчылардын, коомдук ишмерлердин катышуусунда конок лекциялар жана семинарлар болуп турмакчы. Ага кошумча айта кетсем, эл аралык долбоорлордун алкагында ишке ашкан чет өлкөгө барып билим алуу, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөр дагы каралган», - деди А.Насыров.
Иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөз окуу иштери боюнча проректор Марина Өмүрбековага, Карьера борборунун директору Эдиль Макешовго, КРПМБАнын студенттик өз алдынча башкаруунун президенти Айдар Алымбековго жана Ханс Зайдель фондунун өкүлү Макс Майерге берилди.
Салтанаттуу иш-чара КРПМБАнын студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа менен аяктады.
















Комментариев нет:

Отправить комментарий