четверг, 3 сентября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу Академиясында КР ЖК депутаты Дастан Бекешевдин отчеттук иш-чарасы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекешев Дастан Далабайевичтин Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутаттык ишмердүүлүгү мезгилиндеги иштери жөнүндө отчеттук иш-чарасы болуп өттү.


Өз сөзүндө депутат Д.Бекешев студенттерге Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутаттык ишмердүүлүгү мезгилиндеги иштери жөнүндө айтып берди. Ошондой эле ал студенттерге мыкты мамлекеттик кызматкер болуу үчүн убакытты эффективдүү пайдалануу керектигин айтып өттү.
«Мен өзүмдүн ишмердүүлүгүмдө дайыма үч принципти колдонуп келем: ачыктык, ак ниеттүүлүк жана отчеттуулук. Силер окуу жай берген билимден артык билүүгө умтулгула. Мыкты адис, профессионал мамлекеттик кызматкер, мыкты эсепчи болууга аракет кылышыңар керек», - деди Д.Бекешев.
Иш-чаранын аягында депутат студенттердин суроолоруна жооп берди.



Комментариев нет:

Отправить комментарий