вторник, 15 сентября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу Академиясында “Раззаков” көркөм тасмасы көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тил жумалыгы өткөрүлүүдө. Жумалыктын алгачкы күнү кызматкерлерге жана студенттерге режиссер Алим Токторовдун “Раззаков” көркөм тасмасы көрсөтүлдү.   


Иш-чаранын башталышында Тил окутуу борборунун директору Калипа Омуралиева студенттерге Мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаков тууралуу маалымат берди.
Ал эми режиссер Алим Токторов Раззаков жөнүндөгү тасманы кандайча тартып калганын жана өзү кандайча башкы каарманды аткарып калганы, Сталиндин образын жаратуу үчүн көп убакыт актер издешкендери тууралуу айтып берди.
“Сталиндин образын жаратуучу адамды көпкө издедик. Анан грузин диаспорасынын башчысы Гоча Бекаури мырзаны тартууну туура көрдүк. Ал эми өзүм ушундай улуу инсандын ролун жаратып калам деп эч качан ойлогон эмесмин”, - деди А.Токторов.
         Иш-чаранын жыйынтыгында көрүүчүлөр “Раззаков” фильми мыкты тартылганын, баардыгы жакшы таасир алышканын кол чабуунун коштоосунда билдиришти.
“Мен ак болсом, сен ак болсоң, коом да ак болот!” – Исхак Раззаков.  
















Комментариев нет:

Отправить комментарий