четверг, 10 сентября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу Академиясы жана Түштүк-Урал мамлекеттик университети кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясы жана Түштүк-Урал мамлекеттик университети кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту.


Меморандумга кол койгондон кийин КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров илимий билим берүү жана маданият байланыштарын, ошондой эле окуу долбоорлорун  кеңейтүү керектигин баса белгиледи.
«Биз максималдуу кеңейтүүнү бир гана илимий билим берүүгө эмес, маданий маекке да колдонушубуз керек. Ага кошумча, окуу долбоорлорунун программаларын өнүктүрүүгө тийишпиз» - деди А. Насыров.

Ал эми ТУрМУнун ректору Александр Шустаков аталган меморандумдун мааниси, эки окуу жайдын тең дараметин жогорулатуу экенин белгиледи.
«Биз Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясын Кыргызстандагы эң негизги өнөктөшүбүз катары карайбыз. Алдыда билим берүү технологиялар, студенттер жана окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, ага кошумча, биргелешип изилдөө жүргүзүү жана башка долбоорлордо иш алып баруу каралууда», - деди А. Шестаков.


Комментариев нет:

Отправить комментарий