вторник, 9 июня 2015 г.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясы Турциядагы «Мамлекеттик башкаруу» TODAIE магистрдик программасына өткөрүү үчүн мамлекеттик кызматкерлерге тандоо жүргүзөт


Эки тараптын кызматташтыгы алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясы Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызматкерлерди Анкара (Турция) шаарындагы Турция коомдук башкаруу институтунун жана Орто Чыгыш (TODAIE) «Мамлекеттик башкаруу» магистрдик программасына өткөрүүгө тандоо жүргүзөт.


Окутуу мөөнөтү - 2015-жылдын 14-сентябрынан 2016-жылдын 8-июлуна чейин жүргүзүлөт.   

 Кандидаттарга коюлган талаптар:

1. Түрк тилин жогорку деңгээлде сүйлөй билүү;
2. Иш тажрыйбасы мамлекеттик кызматта 2 жылдан кем эмес сапаттуу иштөөсү; 

TODAIE окуу жайына тапшыра турган керектүү документтер:
1. Жогорку билими тууралуу диплом жана транскрипт (зачет-экзамендердин тизмесинин көчүрмөсү);
2. 6 сүрөт (официалдуу форматта);
3. Түрк тилин жогорку деңгээлде билгендигин көрсөткөн документ (сертификат, окутуучунун сунушу ж.б.у.с.)
4. Министрлик жана ведомствонун жетекчиси тарабынан кызматкердин кандидат экенин тастыктаган официалдуу каты, TODAIE магистрдик программасында окуй турган убагына отпуск бере тургандыгы:

Документтер 2015-жылдын 30-июнуна чейин кабыл алынат. Дареги: Бишкек шаары, Панфилов көчөсү 237, КРПМБАнын Эл аралык байланыш жана уюштуруу иштери боюнча бөлүмү, тел: 62-29-22. 

КРПМБА КР Министрлик жана ведомствонун жетекчилигине мекеменин кандидаты экенин тастыктаган официалдуу катты берүүгө даяр. Мекеме Түрк институтунда окуу мөөнөтү аяктаганча окуу отпускту буйрук менен бекитип берүүсү керек.    

TODAIE окуу жайга барганда, кандидат тилдерге болгон билимин тастыктоо жана магистрдик программага кабыл алынуу үчүн түрк тилинде ооз эки түрдө экзамен берет. 
Баардык уюштуруу маселелери чечилиши үчүн TODAIE окуу жайга бир жума мурда барыш керек.   
Тандоодон өткөн катышуучулардын тамак-ашка жана жашаганга кеткен чыгымдарын Турция тарап камсыздайт.

Андан сырткары, TODAIE медициналык коргоого 500 лир камсыздалган жана магистратуранын студенттерине 850 лир, докторантуранын студенттерине 1200 лир степендия каралган.
Аба жолдоруна жол киренин чыгымдарын катышуучулар өздөрү төлөшөт.




Комментариев нет:

Отправить комментарий