вторник, 23 июня 2015 г.

КРПМБАда Мамлекеттик кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды

2015-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешти.


Майрамга конок катары КР Жогорку Кеңешинин депуттары: А.Алтыбаева, У.Кочкоров, КР Жогорку Сотунун судьясы,  КР Президенттик аппараттын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадр иштери бөлүм башчысынын орун басары, КР Өкмөтүнүн Аппарат башчысынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров катышты.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик майрамына багышталган куттуктоо сөздөр айтылды.
         Алгачкы сөз КР Президенттик аппараттын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадр иштери бөлүм башчысынын орун басары Максатбек Сазыкуловго берилди. Ал Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөзүн окуду.
         «Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – КР мамлекеттик кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Кыргызстан көптөгөн сыноолордон, кыйынчылыктардан ийгиликтүү өтүп, өнүгүү жолуна түштү. Ынтымагыбызды арттырып, биримдигибизди чыңдап, ири экономикалык бирликтердин бирине кошулдук. Мындай жагдай мамлекеттик кызматкерлерге өзгөчө милдет артат. Баардыгыңыздарга чын-денсоолук, бакыт-таалай жана жооптуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм! - КР Президенти А.Атамбаев».
         Салтанаттуу иш-чаранын коноктору кезек-кезеги менен мамлекеттик кызматкерлерди куттуктап сүйлөп жатышты. Алардын катарында КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров дагы өзүнүн каалоо-тилегин кесиптештерине арнады.   
«КРПМБАнын жамаатынын атынан мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик майрамы менен чын дилден куттуктап кетким келет. Урматтуу кесиптештер, сиздер абдан татаал, кыйын тажрыйбаны башыңыздардан өткөрүп жатасыздар,  күндөн-күнгө саясый, экономикалык, интеграциялык процесстер көбөйүп жатат. Мамлекеттик кызматкерлер өлкөнүн ишин алдыга жылдырууда негизги механимз катары саналат. Ошондуктан, мамлекеттик кызматкерлердин деңгээлин жогорулаты үчүн биз дагы тыгыз байланышта иштешибиз керек. Баарыңыздарга өнүгүүнү, туруктуулукту жана жетишкендиктерди каалайм», - деди Алмаз Насыров.
         Ошондой эле КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаев кесиптештерин куттуктап, алардын жогорку кесипкөйлүгү жана кызматын мыкты аткаргандыгы үчүн КР Мамлекеттик кызматынын отличниги төш белгилерин, ардак грамоталарын тапшырды.  
«Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер, кесиптештер! Быйыл да  салтыбыздан жазбай, республиканын баардык аймактарында кесиптик майрамыбызды белгилеп жатабыз. Мамлекеттик кызматсыз өлкөдөгү максаттарды, милдеттерди аткаруу мүмкүн эмес. Биздин мойнубузга элдин алдында өзгөчө жоопкерчилик жүктөлгөн. Элдин ишенимин арттыруу биздин колубузда», - деди Б.Сагынбаев.
Майрамдык иш-чаранын алкагында мамлекеттик кызматка жаңы кабыл алынган жаш кызматкерлер эл алдында ант беришти.











Комментариев нет:

Отправить комментарий