вторник, 9 июня 2015 г.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын студенттери мүмкүнчүлүгү чектелген жаш балдар үчүн “Жакшылык” кайрымдуулук акциясын уюштурушту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын студент-волонтерлору эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Сокулуктагы реабилитациялык борбордун мүмкүнчүлүгү чектелген жаш  балдары үчүн “Жакшылык” кайрымдуулук акциясын  өткөзүштү.


         КРПМБАнын студенттери он миң сомго жакын акча топтоп, балдар үчүн жер жемиш, таттуу жана оюнчуктарды сатып алышты. Андан тышкары,  КРПМБАда иштеген кызматкерлер дагы үйлөрүнөн балдарга кийим-кечек, китеп жана оюнчуктарды алып келип беришти. Реабилитациялык борбордо студент-волонтерлор балдарга арналган белек-бечкектен сырткары, оюн-зоок,  концерт уюштурушту.
1-курстун студенти Арстанбеков Адилет клоундун образын жаратып, 1 саат бою балдар үчүн ар кандай конкурстарды уюштуруп, белектерди таратты.







Комментариев нет:

Отправить комментарий