четверг, 11 июня 2015 г.

КРПМБАнын студенттери Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар арасындагы улуттук деңгээлдеги олимпиадада жеңүүчү аталышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын 4-курсунун студенттери: Муктарбек уулу Исламбек жана Кайратбек уулу Калык «Суу ресурстарынын интеграцияланган башкаруусу» деген темадагы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар арасындагы улуттук деңгээлдеги экинчи олимпиадада жеңүүчү аталышты.  


Олимпиада 2015-жылдын 8-июнунда И.Раззаков атындагы Кыргыз-Герман Компетенттик борборунда өтүп, ага республикадагы 8 жогорку окуу жайдын 45 студенти катышты.
Олимпиаданын шарты боюнча эн көп балл топтогон эки гана катышуучуга 13-июнда Алматы шаарында (Казакстан) өтө турган Регионалдык олимпиадага катышууга жолдомо берилди. Ушул эки жолдомону биздин Академиянын эки студенти жеңип алышты. Мындай ийгиликтүү жеңиштери менен студенттерибизди чын дилден куттуктап, кийинки этапта дагы ийгилик жаратышаарына тилектешпиз.
Жеңүүчүлөр Алматы шаарында 2015-жылдын 13-июнунан 28-июнуна чейин өтө турган «Суу ресурстарынын интеграцияланган башкаруусу» деген темадагы Экинчи регионалдык олимпиадага жана Экинчи Жайкы мектепке чакырылды. Эске салсак, бул олимпиаданы Казак-Немец университети менен Борбордук Азия университети биргелешип өткөрүшөт. Катышуучулардын барып-келген жол киресин жана жашаган жайларын Казак-Немец университети каржылайт.






Комментариев нет:

Отправить комментарий